2-июлда борбордогу 12-микрорайондо суу өчүрүлөт

  • 12 месяцев мурун

2025-жылдын 2-июлунда саат 10:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын 12-микрорайонунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкекводоканал» муниципалдык ишканасы билдирди. Бул тууралуу Мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Суу төмөнкү объекттерге токтотулат:

  • турак үйлөргө,
  • мектептерге,
  • бала бакчаларга,
  • медициналык мекемелерге,
  • социалдык жана өнөр жай багытындагы объекттерге.

Мындай чектөө «Дастан Сити» турак жай комплексинин котлованындагы суу агып жаткан жерди аныктоо жана оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

«Бишкекводоканал» мекемеси жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тургундар менен мекемелерди ичүүчү сууну алдын ала даярдап алууга чакырат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты