​“Ата-Түрк” паркында мыйзамсыз курулуш жүргүзүп жаткан компаниянын депутат менен байланышы бар

Бишкектеги “Ата-Түрк” муниципалдык паркында мыйзамсыз турак-жай курулушу жүргүзүлүп жатат. Курулушту жүргүзгөн компаниянын негиздөөчүсүнүн Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков менен байланышы бар экендиги аныкталды.



“Шаардык парктар” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева өзүнүн Фейсбук баракчасында “Ата-Түрк” паркынын аймагындагы бактардын кыйылуусу жана мыйзамсыз курулуш жүрүп жатканын билдирген.

Парктын үчтөн бир бөлүгү кыскарды

Калича Умуралиеванын айтымында, генералдык план боюнча “Ата-Түрк” паркынын аймагы 107 гектар болуш керек, азыркы учурда 70 гектардын тегерегиндеги жер калды. 1992-жылдан кийин ал жерлерди жеке турак жайга бере башташкан, азыр болсо көп кабаттуу турак-жайларды көрсө болот:

“Жер кодексинин 78-беренесине ылайык парк, жол, сквер сыяктуу жалпы колдонулуучу жерлер приватизация кылынбайт жана ижарага берилбейт. Бирок, парктын аймагында мыйзамсыз үй курулуп баштады. Башында курчалган жер мындан чоң болчу, биз ар кайсы инстанцияларга кайрылып жатып, курчалган жердин аянты кичирейди. 50 жылдан ашык өсүп жаткан бир канча карагай сакталып калды. Бирок азыр курчалып турган жердеги бак-дарактарды бул компания кыйып салды. Мамэкотехинспекция бул компанияга айып-пул салганына карабай курулушун баштап жатат”, — дейт Умуралиева.

Парктын аймагында курулушту жүргүзүп жаткан компания “Артвин” ЖЧКсы экени аныкталды. Компания өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына коюлган видеого ылайык, чуу жараткан жерде “Босфор Тауэрс” аттуу турак-жай комплекси салынып жатат. Кийинчирээк компания ал видеону өчүрүп салган.

Курулушка уруксат берилген эмес

Бишкек шаардык архитектура башкармалыгы бул компанияга курулуш жүргүзүүгө эч кандай документ берген эмес. Бул тууралуу “Бишкекглавархитектуранын” пресс-катчысы Ринат Шамсутдинов билдирди:

“Бул жерге биздин орган курулуш жүргүзүүгө эч кандай уруксат документтерин берген эмес”, — дейт Ринат Шамсутдинов.

“Мамэкотехинспекцияга” кайрылганыбызда, бул компаниянын эч кандай уруксат кагаздары жок экенин, компания айып пулга жыгылганын билдиришти:

“Ал 24 сотых жер 2009-жылы 606 токтом менен 5-ноябрда сатып алуу келишиминин негизинде мэрия тарабынан “Централ Азия Холдинг” ЖЧКсына берилген экен. Азыр ал жерде “Артвин” курулуш компаниясы курулуш иштерин баштап жатат. Ал жер мамлекеттик “Кызыл китеп” менен катталган, бирок ал компаниянын курулуш жүргүзүүгө эч кандай уруксат документтери жок. Архитектура уруксат берген эмес. Бактарды кыюуга “Айлана-чөйрөнү коргоо” агенттигинин Бишкек-Чүй аймактык башкармалыгы №1 актынын негизинде ( бак-дарактарды жана бадал өсүмдүктөрүн кыюуу) бактарды жок кылууга уруксат берген», — деп билдиришти мамэкотехинспекциядан.

Мамлекеттик экотехинспекциянын маалыматына ылайык, текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин курулуш компаниясына 23 миң сом айып пул чегерилген. Электроэнергиясын үзүүгө “Түндүкэлектрга” арыз менен кайрылышкан. Ошондой эле, компаниянын лицензиясын артка кайтаруу боюнча “Мамлекеттик курулушка” кайрылуу жиберилет.

Бирок, жогоркуда айтылган Централ Азия Холдинг” компаниясы Юстиция министрлигине 2020-жылы гана катталган.

Жеринен тартуу жүргүзгөнүбүздө, ал жерде жайгашкан бак-дарактар кыйылганы жана турак-жайдын асты (котлованы) казыла баштаганы көрүнүп турат.

Кыйылган бак-дарактар боюнча кайрылуубузга Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигин маалыматтык кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев аталган компанияга уруксат бербегендигин билдирди:

“Биздин мекеме аталган компанияга бак-дарактарды кыюууга уруксат берген эмес. Керек болсо ал компания бизге мындай өтүнүч менен кайрылган эмес. Бирок ал жер жеке менчик болуп саналса, бизден уруксат албай туруп, бак-дарактарды кыюууга укугу бар”, — деди Бактыбек Рысалиев.

Курулуш компаниясынын депутат менен байланышы бар

“Артвин” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Асанов Адылбек Тойчубекович Жогорку Кенештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Нурбек Алимбековдун кеңешчиси болуп иштеген.

Нурбек Алимбеков 2010-жылы Жогорку Кеңештеги “Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш” комитетинин төрагасынын орун басары болгон. Ал 4-октябрда өтө турчу шайлоого “Кыргызстан” партиясынын тизмесинде үчүнчү болуп бара жатат.

Ошондой эле, Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Адылбек Асанов “Нурзаман”, “Папан Металл” жана “Риман текстиль” ЖЧКларынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат.

“Нурзаман” жана “Папан Металл” компанияларынын негиздөөчүлөрүнүн санында жогоруда айтылган Нурбек Алимбековдун жубайы Тороева Гульназ бар. 2019-жылы “Economist” интернет-басылмасы Тороева Гульназдын мүлкү тууралуу жазып чыккан.

Алтынчы чакырылыштын депутаты Нурбек Алимбеков, анын жубайы Тороева Гульназдын “Артвин” компаниясына тиешеси жок экенин айтты:

“Мен жана менин аялым “Артвин” компаниясына тиешебиз жок. Менин аялым “Нурзаман” жана “Папан Металл” компанияларынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгону чын. “Папан Металл” компаниясы жабылып калган, “Нурзаман” компаниясы иштеп жатат”, — деди Нурбек Алимбеков.

Бирок, Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, ошол эле “Нурзаман” ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн арасында “Артвин” компаниясынын негиздөөчүсү Адылбек Асанов дагы бар

Ал эми Калича Умуралиева курулуш куруп жаткан компаниянын үстүнөн арыз жазып, прокуратура, милицияга арыз жазган. Азырынча жооп келе элек:

“Биз мамлекеттик, өзгөчө көзөмөл органдарынын жоопкерчиликсиздигинен жана кайдыгерлигинен тажадык. Мындай кадамдар мамлекеттик саясатка каршы чыгат. Мамлекет Президенттин катышуусунда жаңы парктарды ачып жатат, бирок эски парктарды, жашыл зонаны жок кылууга уруксат берип жатат. Бул бизди мындай ойго түртүп жатат: же мамлекет алсыз же мамлекет органдары коррупциялашкан”, — деген пикирин берди Умуралиева.

Аталган курулуш компаниянын өзү менен байланышып, комментарий алууга болгон аракетибизден майнап чыккан жок. Алар директору менен байланыштырып берүүнү убада кылган менен материал чыкканга чейин комментарий беришкен жок.

“Ата-Түрк” паркынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштар, көптөгөн журналисттер жана активисттер жасаган иликтөөлөргө карабастан, уланып келе жатат. Бул курулуштарды жасаган, жерлерди саткан адамдар качан мыйзам чегинде жооп берери белгисиз.

ПолитКлиника


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты