​Кыргызстандыктар «Республиканы» колдошот. Эмне үчүн?

Шайлоо жараянына 4 күн калды. 25 күндөн бери кыргызстандыктар шайлоого ат салышкан 16 партиянын платформа-программасы менен таанышып чыгып, шайлоо күнү кабинада кайсы партияга добуш берээрин чечип койгон кездери. Коомдук сурамжылоолордо, ММКлардагы эксперттердин пикиринде жарыштагылардын арасынан «Республика» партиясы адаттагыдай бийликтин партиялары менен тең тайлашып, лидерликти талашыа келе жатат? Эмне үчүн?

Бул суроого жарандар бир нече факторлорго таянып жооп беришүүдө.

Биринчиден, «Республика» партиясы 10 жыл аралыгында ар бир үчүнчү кыргызстандыктын жүрөгүнөн орун таап, туруктуу электоратка ээ.

Экинчиден, аталган партия 2 жолу Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышып, жеңишке жеткен жана шайлоочулардын алдында берген убадаларынын дээрлик 80 пайызын аткарып, өлкөнүн экономикалык-саясий, социалдык-маданий өнүгүүсүнө өз үлүшүн кошкон, сөзү менен иши дал келген партия.

Үчүнчүдөн, партия шайлоо алдында башка саясий күчтөрдөн айырмаланып, реалдуу жана конкреттүү программа менен чыгат. Бул жолу да «Республика» олуттуу реформаларды жасоо сунушу менен чыкты.

Булар мындай:

  • Айылчарба насыялары 5% чейин!
  • Мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин! Ипотека өлкөдөгү дарыгерлер менен мугалимдерге кирүү төгүмдөрдү жоебуз!
  • Пенсиялар үчүн топтолмо системасы!
  • Беш салыктын ордуна БИР САЛЫК! Тоо кен тармагынан башка бүт бизнеске бир 3% салык киргизилет.
  • Социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн 3 эсе кыскартабыз – алар 10% гана түзөт!
  • Көмүскө капиталга амнистия берүү!
  • 20 мүнөттүн ичинде бизнести каттоо!
  • Мамлекеттик компанияларды жоебуз!
  • Кичи жана орто бизнеске 3% кредиттер!
  • Технологиялар өнүгүүгө жардам берет!
  • Ар бир дарыяга ГЭС куруу!
  • Бизнеске каршы мыйзамсыз козголгон иштер боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн өмүр бою кара тизме киргизебиз.
  • Президенттин кызматын жоебуз!
  • Депутаттардын чыгашаларын кыскартабыз! 120нын ордуна 75 чейин кыскартабыз!
  • УКМК менен Коррупция менен күрөшүү кызматын жоебуз!
  • Чалгындоо органдарын кыскартабыз!
  • Прокуратураны жоебуз!
  • Бийлик менен башаламандыктын эмес, көз карандысыз сотту дайындайбыз!
  • Биз оппозицияны күчөтөбүз! Оппозиция күчсүз болсо бийлик иштебейт! Күчтүү оппозиция – күчтүү реформа!
  • Мамлекеттик ЖМКларды жоебуз!
  • Биз сөз эркиндигин, чогулууларды, абийирди, динге ишенүү эркиндигин, жеке жашоо укугун чектөөгө каршыбыз! «Республика» кыргызстандыктардын эркиндигин коргойт!
  • Уюшкан кылмыштуу топторго каршы мыйзам кабыл алабыз! Криминалдык статусу барлардын баары түрмөгө отурат!
  • Бажыны коррупциядан тазалайбыз!

Албетте, мындай чечкиндүү кадамдар менен аткарууга мүмкүн болгон конкреттүү иш-пландардын топтомун эч бир партиядан кезиктирүүгө болбойт.

«Республика» партиясы оппозиция катары азыртадан эле мамлекеттеги артыкбаш, экономикалык пайда бербеген жана саясий жактан ката түзүлгөн органдарды сокур ичегидей кесип салууну, керек болсо, өз канатын өзү кыркып, парламенттеги депутаттардын санын кыскартууга бара жатат.

Жогорку реформалык кадамдар менен саясий туруктуулукту, экономикалык өнүгүүнү жана миллиарддаган каражаттын үнөмдөлүп, социалдык аялуу катмарга жумгалаарын республикачылар учурда ар бир кыргызстандыкка жеткиликтүү түшүндүрүүдө.

Мына ошондуктан, партиянын «Алдыга жол» программасы коомчулукту караңгыда күйгөн шам чырактай алдыга жетелеп жатат.

«Республика» саясий партиясы. ИНН 01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү,

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты