COVID-19: 71 кишиден аныкталды
- 4 года мурун
22-сентябрдагы маалыматта айтылгандай, COVID-19 инфекциясынын 71 учуру катталды.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек — 4;
Ош — 2;
Чүй облусу – 8;
Ош облусу — 17;
Талас облусу — 2;
Ысык-Көл облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 13;
Баткен облусу — 20.
Бир сутка ичинде 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды.5 медкызматкер айыгып чыкты.
Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3203кө жетти. Алардын арасынан 2847 кызматкер сакайып чыкты.
Бул тууралуу республикалык штаб билдирди .
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 45 542 кишиге жетти.
114 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 41 796га жетти.
Өткөн суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок.
Сүрөт: Интернет булактарынан.