Сирияда калган кыргызстандык аялдардын жакындары Бишкекте акция өткөрүштү
- 4 года мурун
Бишкекте Сирияда калган кыргызстандык келиндерди жана алардын балдарын алып келүүгө бийликтен жардам сураган энелер акция өткөрүштү.
3-августта Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында чогулган он чакты эне президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоп, аларды мекенине кайтарууга жардам сурашты.
Энелердин айтымында, ушу тапта жүздөн ашык кыргызстандык келин жана ар биринин бери дегенде экиден баласы Сириядагы качкындар үчүн ачылган “Ал-Хол” лагеринде жашап жатышат.
Сириядагы күрт лагерлеринде отурган кыргызстандык келиндер буга чейин да бир нече жолу бийликке кайрылып, мекенге алып кетүүнү суранышкан.
Кыргыз өкмөтү аларды кайтаруу аракети көрүлүп жатканын жарыялаган.
“Ал-Хол” лагери Сириянын түндүк-чыгышындагы Эл-Хасака аймагында жайгашкан. Алгач 11 миң адамга эсептелген бул жайда азыр 73 миң качкын жашап жатат, алардын 94% аялдар жана балдар.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта курман болгон. «Ислам мамлекетине» кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар. Алардын көбү балдарын ээрчите кеткен же ошол жактан балалуу болушкан.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.