Коронавирусту дарылоого колдонулуучу дары-дармектер жеткирилди
- 4 года мурун
Антикоагулянттар эноксапарин жана нандропарин өкмөт тарабынан Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчилигинин аракеттешүүсү аркылуу республикалык бюджеттин каражаттарына сатып алынды.
Көрсөтүлгөн дарылар саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берилди жана COVID-19га чалдыккандар дарыланган медициналык мекемелерге бөлүштүрүлөт.
Саламаттык сактоо министрлиги жана медициналык уюмдар күз-кыш мезгилинде вирустуу инфекциянын калк арасында жайылуусунун алдын-алуу үчүн дары каражаттарынын камдашат.
Сүрөт: gov.kg
Муну бөлүшүү