Коронавирус бар жана мен аны жеңдим. Экинчи бөлүк — Назира Мидинова
- 4 года мурун
- Видео
.
Ошентип жатып милиция кызматкерлери менен медицина кызматкерлеринин арасында дагы Covid-19 жуктургандар катталды. Алардын ичинде ымыркайлардын патологиясы бөлүмүндөгү төрөгөн келиндерден дагы чыккан.
Ошол күнү Назира Мидинованын медициналык тобу вирус жуктурбаган аялдарды башка жакка көчүрүү менен алек болуп, көпкө жүрүп калышканын айтат.
«Мен форманы кийип чечкен учурда вирусту жуктуруп алдык дегенден алысмын. Себеби, ар бир адам өзүнүн жаны үчүн эрежени сактайт. Чындыгында медайым, врачтар адамдын өмүрүн сакташ керек да. Мисалы, бизге кан кетип, же толгоо менен келген келиндерди «Сен Covid-19 экенсиң, сени текшерели» деп күтүп отурбайбыз да, ошол учурда дагы биринчи жардам көрсөтүүнү ойлонобуз», — дейт Назира Мидинова.
Ошол күндөрдө Назира денеси талыгандай болуп, чыйрыга баштайт. Бирок, дене табы нормалдуу эле болгондуктан, чарчасам керек деп көңүл бурбайт. Ага улай эле кийинки күндөрү баш оору дагы пайда болгон. Рентгенге түшсө өпкөсүндө өзгөрүү пайда болгонун айтышкан. Эртесинде дене табы көтөрүлө баштаган. Тест тапшырса, анын жыйынтыгы Covid-19 бар экенин көрсөткөн.
«Жолдошум көзүнө жаш алып, балам ыйлап ийди», — дейт биринчи оору күндөрдү эстеп.
Бейтапканага жатып, Назиранын оюнан өзүнө жукса дагы үйбүлөсүнө жукпаса экен деген ой кетпей койгон. Ал ооруну аябагандай оор кабыл алат.
Азыр Назира жумушуна кайра чыгып иштеп жаткан кези. Азыр вирустан толугу менен тазаланган, бирок анын тийгизген кесепеттери азыр дагы алсыратып турат. Ал гана эмес коомчулук тарабынан кодулоого дагы туш болгонун айтат.
«Мен ооруканадан чыгып үйгө келатканда бир, эки кошунам беш метр жерден жукчудай болуп учурашпай кирип кетти. Өзүм медик болгондон кийин бул нерсени туура эле кабыл алдым» , — дейт Назира.
Медиктер өз ден-соолугун тобокелдикке салып, иштеп жатса «Медиктер акча үчүн өзүнө вирус жуктуруп жатыптыр» деген ушактардын чыкканына капа болгонун айтат.
«Медиктер жок ооруну бар деп өзүнө жугузуп алып эмне кылмак эле. Өмүр деген бир эле келет. Бир келген жашоодо эч кимдин оорукчан болуп өткүсү келбейт да. Акча үчүн эч ким ооруган жок. Медиктер акча эмес, ушул оору эртерээк токтосо экен деп тилеп атат», — дейт Назира.