​WhatsApp: микрочиптер, 5G менен коронавирустун байланышы жана башка фейктер тууралуу

WhatsApp мессенджери аркылуу 5G, коронавируска тестирлөө жана адамдарга чип орнотуу боюнча аудиолор таратылып жатат. ПолитКлиника бул маалыматтарды текшерип көрдү.

“Маалыматтык чабуулдун” пайда болушу

18-мартта Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү, белгилүү америкалык ишкер Билл Гейтс Reddit форумга кирип, колдонуучулардын суроолоруна жооп берген.

Анда «Өлкөлөр мындан ары эмне кылуу керектигин ойлоп жатышат. Акырында, бизде кимдер тесттен өткөн же дарылоодон өткөндүгү же эмдөөдөн өткөндүгү жөнүндө маалыматы бар санарип сертификаттарына ээ болобуз» деп айткан. Ошондон кийин 19- марттаbiohackinfo.com сайты “Билл Гейтс коронавирус менен күрөшүү үчүн микрочип имплантаттарын колдонот” деген макаласын чыгарган.

Бирок, Reddit тармагында Билл Гейтс микрочиптер жөнүндө эч нерсе айткан эмес.

Санарип сертификат — бул уюмга интернет аркылуу коопсуз маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгүн берген электрондук «пароль». Микрочип-имплантат айнек корпустарына ээ болот жана капсула түрүндө болот.

20-апрелдеArgument.kg сайты Билл Гейтс коронавирустун жаратуучусу катары кармалганын жазган эле.Factcheсk.kg бул маалыматтын фейк экенин аныктап чыккан.

Argument.kg маалымат булагы катары The New York Times онлайн басылмасын көргөзгөн. Бирок The New York Times басылмасынын макаласында “Билл Гейтс коронавирусту ойлоп тапкан, андан пайда көрүүнү көздөп жатат деген жалган маалымат айтылган” деген маалымат берилген. Анда эч кандай кармоо жөнундө маалымат берилген эмес. Мындай “Маалыматтык чабуулдун” пайда болушуна 2015-жылкы сөзүндө Билл Гейтс дүйнө үчүн ядердик согуш эмес, Эболадан дагы коркунучтуу вирус болушу мүмкүн экенин айтканы себепкер болгон.

Билл Гейтс 2015-жылы “дүйнө үчүн ядердик согуштан дагы вирус коркунучтуу деп айтканы чын. Бирок, ал коронавирус деп айткан эмес.

Ал эми CCTV каналына берген маегинде “Вирустун жаратуучусу” деген айыптоолорго жооп берген:

“Дүйнөнү даярдоо үчүн колунан келгендин баарын жасап жатсаңыз, бул күлкүмүштүү деп айтар элем. Биз түшүнүксүз, оор абалда турабыз, ушак-айыңдар дагы ошого жараша болуп жатат”, — деп айткан ал.

5G коркунучу

5Gнын адамдардын ден-соолугуна таасири жана зыяны жөнүндө буга чейин жазып чыкканбыз.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун “5G мобилдик тармактары жана ден соолук” аталышындагы макаласында 5G тармагынын адамдардын ден-соолугуна жана айлана чөйрөгө таасири тууралуу жазылган. Андагы маалыматтарга ылайык, 5G’нын адамдын ден-соолугуна зыяны жок.

Макаладагы маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө көптөгөн изилдөөлөрдөн кийин зымсыз байланыш технологияларынын адамдын ден-соолугуна кандайдыр бир таасири аныкталган эмес. Ден-соолукка байланыштуу тыянактар радио спектринде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдөн алынган, бирок ушул кезге чейин 5G колдонгон жыштыктарда бир нече гана изилдөө жүргүзүлгөн. Жыштык көбөйгөн сайын, дене ткандарына кирүү аз болот, дененин бети (тери жана көз) аркылуу энергияны сиңирип алуу чектелет. Жалпы таасир этүү деңгээли эл аралык стандарттардан төмөн бойдон калса, калктын ден-соолугуна тийгизген кесепеттери күтүлбөйт.

Жыйынтык — 5G жаңы технологиясынын коронавирус менен байланышы жок, ден-соолукка терс таасир тийгизбейт.

Кыргызстанда 5G орнотулган жок

Дагы бир аудиодо учурда Кыргызстанда 5G антенналары орнотулуп жатканы айтылат.

Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы Тимур Алхожоев Кыргызстан 5G станциялары орнотулбаганын жана бул аудио фейк маалымат экенин билдирди:

“Учурда мессенджерлер жана социалдык тармактар аркылуу 5G жабдыктары тууралуу таратылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Дүйнөлүк коронавирустук пандемияга байланыштуу адамдардын коркуу сезимин колдонуп, жасалма маалымат таратуучулар заманбап 5G технологиясынын болжолдуу коркунучу жөнүндө «үрөй учурган окуялар» менен толкунданууну күчөтүп, калк арасында радиофобияны күчөтүүдө. Радиофобия — радиациянын учурдагы же болжолдуу булактарынан: антенналардан, микротолкундуу мештерден, смартфондордон, уюлдук базалык станциялардан жана башкалардан коркуу.

Радио нурларынан коркуу — дүйнө жүзү боюнча кеңири таралган фобия.

Урматтуу мекендештер, санарип гигиенасын сактаңыз жана маалымат булактарын текшериңиз. Расмий жана тастыкталган булактардан жаңылыктарды жана билдирүүлөрдү бөлүшүңүз. Эске сала кетсек, жалган маалыматтарды (жасалма) жайылтуу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралган”,- деп билдирген.

Жыйынтык: Билл Гейтс коронавирусту ойлоп тапкан жана адамдарга чип орнотууну пландап жатат деген маалымат калп. 5Gнын коронавируска тиешеси жок, ал Кыргызстанга орнотула элек.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты