​Кыргызстан менен Казакстан ТИМ башчылары чек арадагы абалды талкуулады

  • 4 года мурун

8-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков телефон аркылуу Казакстандын тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) башчысы Мухтар Тлеуберди менен сүйлөшүп, чек арадагы өткөрмө бекеттер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсүнө байланышкан кырдаалды талкуулашты.

Кыргызстан ТИМинин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ишкерлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, чек арадагы «Ак-Тилек» (Кыргызстан) – «Карасу» (Казакстан) жана «Чоң-Капка» (Кыргызстан) – «Айша-Биби» (Казакстан) өткөрмө бекеттериндеги тоскоолдуктарды жоюу зарыл деген тыянакка келишти.

Ошол эле маалда кыргыз тарап Казакстанды Евразия экономикалык биримдигинин нормаларын сактоого чакырды.

Сүйлөшүүнүн соңунда ТИМ башчылары ортодогу маселелерди профилдик органдардын линиясы аркылуу эки тараптуу негизде ыкчам чечүүнү макулдашты.

4-июнда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев кыргыз-казак чек арасындагы абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келерин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты