Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму кийинкиге жылдырылды
- 3 years мурун
Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму 15-июнда уланат.
Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды.
Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесаревдин айтымында, соттун жылдырылышына адвокаттардын биринин келбей калганы себеп болгон.
Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишине мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 14 киши шектелүүдө.
Сүрөт: Кой-Таш окуясы учуру. Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү