Жаңы кызматка дайындалган Абдулазим Курманов – Зайнидин Курмановдун иниси
- 4 года мурун
Кадр кызматынын директорунун орун басары болуп дайындалган Абдулазим Курманов — Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, юридика илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курмановдун агасынын уулу.
Зайнидин Курмановдон анын атак-даңкы агасынын уулун бул кызматка дайындоодо кандай таасир бергени тууралуу суроо салганыбызда, мындайча жооп берди:
-Абдулазим менин агам — Айдардын уулу. Кадр кызматынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалганын жаңы эле уктум. Биздин бири-бирибизге жардамыбыз — акыл-насаат жагынан гана, билимдин эшигин көрсөтүп беребиз. Калганына ар ким өз күчү менен жетишет.
Абдулазим өзү баарына жетишип келатат, Президенттин жардамчысы болуп иштеп келди, акыл- эстүү, токтоо -«скромный» жигит. Эки жогорку билимдүү, биринчи кесиби –юрист, экинчиси-дипломатиялык адистикке ээ. Дипломатия академиясын аяктаган. Анын атасы, менин агам Айдар Курманов юридика илимдеринин кандидаты, Юридика академиясында иштейт, мурда кафедра башчысы болчу, — деди ал.
Эскерте кетсек, Абдулазимдин чоң атасы Карпек Курманов юридика илимдеринин доктору, профессор болгон.
Абдулазим ырас эле «скромный» окшойт, интернеттен сүрөтүн табуу кыйын, социалдык баракчаларга да жарыялабайт экен.
Бүгүн, 3-июнда, Абдулазим Курманов мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары болуп дайындалды.
Курмановдор династиясынын жаңы муунуна ишинде ийгилик каалайбыз!
«ПолитКлиника».
Сүрөттө: Зайнидин Курманов. kenesh.kg