Зайнидин Курманов: “Парламентке прогрессивдүү күчтөр келиши үчүн жакшы жагдай түзүлдү” (ВИДЕО)
- 4 года мурун
- Мультимедиа
“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө — тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов парламенттик шайлоонун оош-кыйыштары тууралуу кеп салат.
Пандемия шартындагы шайлоо
-Кыргызстан пандемиянын шартында парламенттик шайлоо өткөргөнү жатат. Ушул шайлоодо Кыргызстан өлкөнү жаңы нукка бура ала тургандай тандоо жасай алабы?
-Шарт жаман болуп жатат, бирок шайлоону өткөрүш керек. Анткени жаңы парламент ишти баштабаса, алдыда турган максаттарды аткара албай калабыз. Парламент мыйзам чыгаруучу орган, мыйзамдарды кабыл алыш керек. Парламенттен башка эч бир орган мыйзам кабыл ала албайт. Президент, өкмөт жарлык, токтом кабыл алышы мүмкүн, бирок мыйзам кабыл ала албайт.
Андан башка эл аралык уюмдар менен келишим түзүп, бекитиш керек. Биздин экономикабыз донордук мамлекеттерди караган экономика болуп калды. Жогорку Кеңеш гана ошол маселелерди чече алат, беките алат. Андан башка да жумуштар бар. Жогорку Кеңеш беш жылга шайланган, беш жылдан кийин ал легитимсиз болуп калат. Шайлоону башка учурда өткөрөбүз десек, анда Конституцияны кайрадан карап, өзгөртүүлөрдү киргизиш керек, бирок убакыт, мүмкүнчүлүк жетишпейт. Ошон үчүн өткөрүш керекболуп жатат.
БШК шайлоолорду өткөрүп жүргөн, өз ишин билет. Бирок кеп партиялар жаңы шартка көнөбү, кампанияны кантип өткөрөт, мына ошондо болуп жатат, анткени карантин режими болуп калбадыбы. Мурда элди чогултуп, убадаларын айтып, маселени чечип коюшчу, азыр башка болуп калды.
Башка мамлекеттер участокко барбай эле, каттоодон өтүп, биопаспорт менен эле добуш берип жатышат .
Контактсыз шайлоо бир жагынан жакшы, анткени бизде партиялар акча берип, шайлоонун добуштарын сатып алган учурлар бар да. Бийликке келиш үчүн криминалдык жолдор менен аракет жасап жатат. Коронавирус чыгып жаткан азыркы карантин андайларга жол бербеши мүмкүн. Ошон үчүн чынчыл эмес аткаминерлерге жана талапкерлерге тоскоол жасап, парламентке дурус, прогрессивдүү күчтөр келиши үчүн абдан аракет жасаш керек. Буга жакшы жагдай түзүлүп жатат.
Жалаң эле — “патриот” партиялар
-Бизде партияларга эл такыр ишенбей калды. Европада эл биринчи партияга, андан кийин гана мамлекетке ишенет. Партиялар мамлекетке келип, аны башкарат. Ар бир партиянын идеологиясы бар. Аларда үч түрлүү партия бар, консервативдик, либералдык жана социал-демократиялык. Бир шайлоодо консерваторлорго добуштарын берет, алар төрт жыл башкарат, убадасын аткара албаса, анда кийинки шайлоодо либералдар, социал-демократтар келет. Бардык партиялардын методикасы башкача, бир партия кедейлерди колдойт, салыкты кедейлер үчүн азайтат, байларга көбөйтөт.
Мурда бизде социал-демократтар бийликте болду, алар жөнөкөй элге эмне жасап берди? Салыктан кимди бошотту? Олигархтарды бошотуп жатпадыбы. Социал-демократтар карапайым адамдарды колдошу керек эле. Бизде социал-демократтар жок, консерваторлор жок, либералдар жок, жалаң эле патриоттор. Дүйнө жүзүндө андай идеология жок.
Шайлоого катышкандардын кимиси ким экенин түшүнбөйсүң, кимиси либерал, кимиси консерватор же социал-демократ экенин. “Бирик”, “Биримдик”, “Кыргызстан”… булар эмне деген партиялар, партиялар бейөкмөт уюм эмес да. Партия кандай партия, консервативдүүбү, либералдыкпы же социал-демократиялыкпы? Анткени ар кандай партия өзүнчө методиканы жасайт. Ошон үчүн кайсы партияга добуш бересиң, айырмасы жок. Бир чоң, күчтүү партияга биригип, кошулбайсыңарбы дегенди угушпайт.
-Партиялар шайлоо алдында катарларын жаш талапкерлер менен толуктоодо. Ошол эле кезде жаңы бириккендер кайра ажырашып жатат. Муну эмне менен түшүндүрсө болот?
-Мен күндө студенттер менен иштейм, аларды көрөм, жаштар алдыга кеткен. Ошол жерде саясатка жакын предметтерди, конституциялык укук, граждановедениени окуп түшүндүм.
Бир мисал келтирейин. Күчтүү мамлекеттер Кытайдан башка кайсылар? Алардын ичине -Түштүк Корея, Япония, Сингапур, Тайвань, Вьетнам жана башкалар. Ал жерде катуу саясий система бар, жоопкерчилик жогору. Түкүрүп койсоң 500 сингапур долларын төлөйсүң.
Нукура партиялар түзүлүш керек. Алар ар бир чакырылышта өлкөнү алдыга чыгарыш керек, анын өзүнүн методологиясы бар.
Жаңы муун жаңы ой, жаңы мүмкүнчүлүктү түзөт
-Парламентке келиш үчүн бирдиктүү округ боюнча 7%жана бардык облус, шаарлардан 0,75 пайыз добуш алыш керек экен. Ушундай добушту жаңы түзүлгөн партиялар ала алабы? Башка өнүккөн өлкөлөрдө мындай босого пайыздары 3%дан ашпайт экен, эмнеге бизде мындай жогору?
-Европалык стандарт 4 % дан жогору болбош керек, алар 4 жылда алмашып турат.
Ар бир муун жаңы ой, жаңы мүмкүнчүлүк, жаңы көз карашты түзөт. Мен жаңы муунду колдоп жатам, мамлекеттин келечегин колго алгыла деп. Биз өз кезегинде көп нерселерди жасадык. Менин замандаштарымдын азыр көп нерселерге көз карашы мурункудай эле бойдон калды, советтик доордун балдарыбыз. Ошондуктан жаңы муун, жаңы саясатчылар, ошону үйрөнүп, жол мурункудай эмес, азыр жол салынып калды, ошону жасаса болот.
Бийлик эмне үчүн керек? Анткени бийликсиз эчтеке жасалбайт. Колунда беш жыл бийлик болсо, акылдуу, прогрессивдүү депутат жолдорун билсе, көп нерсени жасаса болот. Блок жана башка нерселерди түзүүгө болот. Бизде парламенттик республика деп жатышат, Президент парламент кандай чечим чыгарса, ошондой жол менен барабыз дейт. Ал да туура. Бирок бийликке бизде эмне үчүн келип жатышат? Бийликке өз бизнесин коргоо, өз маселесин чечүү үчүн келип жатышат. Депутат деген элдин кулу болуш керек.
—Күрөө акчасы тууралуу да ушундай эле айтууга болот. Ошондон улам дагы эле олигархтардын парламенти түзүлүп калбайбы?
-Шайлоо өткөрүп жатканда шайлоо босогосу 5% болчу, андан кийин тоскоолдуктар коюлуп калды. Революциянын аркасында келгендердин алып келгендерин карасаң, олигархтар. Андан кийин 9 % кылышты. Эмнеге 9 % дегенде, жаштарга тоскоолдуктарды коелу дешти, бийликке келдик, бийликти өзүбүз үчүн эле түзөбүз дейт, андан кийин алардын балдары келет.
Партияларда берилген убадалардын канчасы аткарылды, канчасы аткарылган жок, эмне үчүн аткарылган жок, ошону айтып бериш керек эле. Биз эмнени көрүп жатабыз? Партиялардын эч кимиси убадаларын аткарган жок. Бул деген жоопкерчилик да.
Күчтүү саясатчыларды алып келсек, парламенттик республика болушубуз мүмкүн-
-Шайлоочулар эмнеге партиялардын программаларына маани беришпейт?
—Имиджди кантип алууга болот? Жаш балдарды алып келип көрсөтүп жатышат, жаш, жаңы муун, чет тилди билет деп. Бул дурус, болсун. Анткени жаңы муун келгенде жаңы методология, жаңытажрыйба, жаңы бийликти алып келиши керек. Билсе ошондой. Ал эми билбесечи? Билбесе, анда пайда жок.
Башка өнүгүп жаткан мамлекеттерди карасак, депутатарынын 80%ы адвокаттар, анткени адвокаттар эл жактоочусу. Адвокаттар жана экономисттер келип жатышат. Себеби алган мыйзамдардын 90 пайызы экономикалык жана юридикалык. Спортсмендер, милиционерлер, УКМКчылар , прокурорлор, соттор эмес.
Эл жакшы көргөн депутаттар дароо эле көрүнөт. Гарвард университетин бүтүрүп келсе, бирок эл аны жаман көрсө, элге жакын болбосо, ал эмнени иштейт?
Партиялардын идеологиясы деген эмне? Ошон үчүн кичинекей программа жазып койгулачы деп жатам. Мисалы салыкты азайтуу боюнча. Азыр коронавирус болуп жатпайбы, элдин акчасы жок болуп, кыйналып жатат, элге жардам бериш керек.
Бийликтин максаты кандай? Максаты-элге жардам берүү. Андан башка максаты жок. Эмне кылсыңарөзүңөр билгиле деген болбойт, бул олигархиялык мамлекет болуп калат.Олигархиялык мамлекетте өзүм эле байысам дейт, байып, кедейлерди эксплуатация кылып, аларды иштетет. Пенсиялык куракты узартып, айлык акыны кичирейтип, жөнөкөй жарандардын, , врач, мугалимдердин айлыгы , пенсия көтөрүлбөйт. Алар акчаны алып, чөнтөгүнө салат. Бизде бюджеттин 80 пайызы салыктан түшөт, башка мүмкүнчүлүк жок.
БУУ бизге коронавирустун очогу болуп калбасын деп, каражат берип жатат. Биз ал каражатты депутаттардын отпуска акчасын төлөп бердик. Эмне, алар кыйналып жатабы? Биздин мугалимдердин жарымы отпускага кетти, алардын акчасын төлөбөйт. Элдин нукура өкүлдөрү болсо, алар башкача чечим чыгармак, алар “ биз кыйналбайбыз, күтөбүз, оор учурда элге акча берип, кризистен чыгалы” десе, атмосфера башка болмок. Олигархтар элге акча бөлүп бербейби деген сөз болуп жатат.
Жаңы муундар технологияны билип, колдошу керек. Оптимизм бар, оптимизм жок болуп калса анда, жарабайт. Баарын жасаса болот. Жаңы ыкма менен Япония, Сингапур өнүгүп кетти.
-Кыргызстанда башкаруунун формасы парламенттик деп аталганы менен, иш жүзүндө андай эмес экенин көрүп жүрөбүз. Качан биз чыныгы парламенттик башкарууга жетебиз? Дегеле жетебизби?
-Парламенттик республика болуш үчүн нукура. күчтүү партиялар керек. Либералдары, консерваторлору, коммунисттери, социал-демократтары да болсун.
Конституцияны окусам, анда парламенттик республика эмес эле, жарым президенттик республиканын түрү экен.
Парламенттик республиканын жакшы мисалын Монголия көрсөтүп жатыптыр.,парламенттик республикага окшоп бара жатат. Азияда эң күчтүү парламенттик республика бул Индия. Япония, Сингапур жана башкаларды айтпай эле коеюн, алар өнүккөн мамлекеттер. Индия көп нерсени мурун колониясы болуп жүрүшкөн Англиядан үйрөндү, саясий салттарынын баарын англичандардан көчүрүп алды, технологияларды пайдаланып, алдыга кетип жатат. Футурологдор Индия алдыга чыгат деп жатат.
Парламентке күчтүү саясатчыларды алып келсек, анда парламенттик республика болушубуз мүмкүн.
Маектешкен Айгүл Бакеева