Алтын-Ордо конушундагы үйдөгү өрттөн бала жабыркады
- 4 года мурун
Бүгүн, 31-майда, Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Алтын-Ордо жаңы конушунун Ж.Акматов көчөсүндө турак үйдөн чыккан өрт саат 14:02де толук өчүрүлдү.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өрттүн кесепетинен эркек бала (аты-жөнү такталууда) күйүк жаракат алган. Өрт өчүрүүчүлөр жабыркаган жаранды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү