Ысык-Көлдө жылкылардын ооруганы чын. Бирок алардан коронавирус аныкталган жок

Мессенджерлерде Ысык-Көлдө жылкылар ооруп жатканы жана ал коронавирус болушу мүмкүн экени айтылып, видеолор тарап жатат. ПолитКлиника бул маалыматтарды текшерип көрдү.

“Жылкынын этин жебей тургула. Жылкыларда бир ылаң пайда болуп, турган жеринде бышылдап эле жыгылып жатыптыр. Кымызды да этияттагыла. Айрыкча теңгене эт деп келсе вобще албагыла. Тааныштарга таратып койгула”, — деп айтылат таратылып жаткан маалыматтарда.

Ысык-Көл облусунун ветеринардык инспекциясынын директору Бакыт Шарапов жылкылардан коронавирус аныкталбагынын, учурда эмнеден оору пайда болгону изилденип жатканын билдирди:

“Ал видеону көргөндө эле, райондук фитосанитардык башкармалыгынын жетекчисин, жеке ветеринарды алып бардык. Чындап эле жылкы ошол учурда ооруп жаткан экен: өпкөсүн кагып, мурдунан сары суюктук агып. Ооруганына 4-5 күн болуп калган экен. Аны өздөрү дарылап жатышыптыр. Ошол жерден анализ алдык, буга чейин айыкты деген төрт жылкыдан дагы кан алып лабораторияга жөнөттүк. Ал жерди тазалап, дезинфекция иштерин жүргүзүп, шектүүлөрдүн баарын карап чыктык. Анализдин жыйынтыгы эртеси келди. Бирөөсүндө жылкылардын сасык тумоосу жана пневмониянын антителалары аныкталды деген жыйынтык чыкты. Андан кийин кайрадан барып ал жерди карадык. Мал ээлеринин айтымында, 4-5 жылдан бери айылдын батыш тарабындагы көлмөдөн төмөн жакка жайылган жылкылар ооруп келген экен. Бирок ветеринарларга кайрылышкан эмес. Биз ал жерди карап чыктык. Көлмөнүн жанында сарай бар экен. Ал көлмөдөн агып чыккан сууга жакын жайгашкан. Суунун, топурактын, жайыттан анализ алуу үчүн мамэкотехинспекцияны, СЭСти кошуп бирдикте комиссия түзүү керектигин райондун акимине сунуштадым. Себебин ар тараптуу изилдеп табуу үчүн. Учурда эпизоотологиялык абал тынч. Оору чыккан жердеги жылкылар көзөмөлгө алынып, өзүнчө бөлүнүп багылууда. Ал эми сарай дезинфекцияланды. Толук анализ чыккандан кийин тийиштүү иш чараларды улантабыз. Видеодогу жылкы 18-майдан 19-майга караган түнү өлгөн. Анын органдарынын материалдарын алып, Бишкектеги лабораторияга жөнөттүк. Ал жерге күндө бир ветеринар бекитилген. Акимдин буйругу менен аттар айылдан чыкпасын деген чектөө киргиздик. Ооруган мал жок, анан баары таза болгондон кийин чектөө алынат. Ооруган жылкылардан коронавирус аныкталган жок”, — деп билдирди инспектор.

Жаныбарларга коронавирус жугушу мүмкүнбү?

Бүткүл Дүйнɵлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунун айтымында, коронавирус үй жаныбарларынан бири бирине жугушу мүмкүн. Ал эми үй жаныбардан адамга Covid-19 вирусу жугуусу аныктала элек. Себеби, Covid-19 менен ооруган адам жөтөлүп, чүчкүрүп же сүйлөгөндө тамчы пайда болуп, ал аркылуу вирус башка адамга жугат. Башкача айтканда, оорулуунун дем алуу жолдорунан чыккан тамчылар аркылуу жугат.

БДССУнун маалыматында, коронавирус менен ооруган жана жугузуп алуу коркунучу жогору болгон адамдар үй жаныбарлары жана башка жаныбарлар менен байланышын чектеши керек. Жаныбарлар менен байланыш болгондон кийин колду жууп, жеке гигиенаны сакташы керек.

Белгилей кетсек, буга чейин бир нече жаныбарлардан Covid-19 табылган эле. Мисалы, Нью-Йорктогу зоопаркта жолборсто, мопсто табылган.

Жыйынтык: Ысык-Көл облусунда жылкылардын ооруга чалдыкканы чын. Бирок алардан коронавирус аныкталган жок.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты