​Президент бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-майда, өлкөнүн бизнес-ассоциация өкүлдөрү менен жолугушту.

Өлкөдөгү посткризистик мезгилде экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчы коронавирус инфекциясынын жайылышы республиканын макроэкономикалык абалына зыянын тийгизип жаткандыгын айтты.

«Чек араларды жабуу — тышкы соодага абдан терс таасирин тийгизүүдө. Негизги өнөктөш өлкөлөр менен жүк жүгүртүүнүн көлөмү төмөндөп, валюта рынокторунда солгундоолор жана баалардын жогорулашы да байкалып жатты. Мындай кырдаал мамлекет үчүн гана эмес, ишкерлер үчүн дагы абдан оор болууда» деп белгиледи Жээнбеков.

Жолугушууда экономика министри Санжар Муканбетов учурдагы өлкөдөгү экономикалык кырдаал жана экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү боюнча өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Бизнес тармагынын өкүлдөрү өз тармактарындагы проблемалар жана жалпы эле түзүлгөн кырдаалда чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнүн көйгөйлөрүн, бир катар сунуштарын билдиришти.

Өлкөнүн бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит кырдаалды жакшыртуу боюнча натыйжалуу чечимд кабыл алуу зарылдыгына токтолуп, учурдагы окуялар жөнүндө калкты кабардар кылуунун жана оорунун экинчи толкунун алдын алуу үчүн жарандардын санитардык жана карантиндик эрежелерди сактоосунун маанисин белгиледи.

Ошондой эле ал пандемия сабактарын эске алып, кыска жана узак мөөнөттүү чараларды кабыл алууга жана бизнес үчүн салыктык жеңилдиктерди берүүгө көңүл бурду.

Өкмөттүн алдындагы бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Таалайбек Койчуманов Өкмөт менен бизнестин ортосундагы диалогду активдештирүүнү жактады. Ал постпандемиялык пландарга, ишкерликтин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн мыйзамдык базаны өркүндөтүүгө көңүл бурду.

Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов акыркы эки жылда өлкөнү санариптештирүү боюнча күч-аракеттер коронавирус кесепеттерин жумшартууга өбөлгө болгонун белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты