Борбордук Азия: коронавирус саламаттыкты сактоо тармагындагы бардык өнөкөт көйгөйлөрдү ачыктады

Советтер Союзу кулагандан кийин алар жылдар бою чечилбей келген.

Коронавирус Өзбекстандын медицинасынын күчүн сынап көрдү

Бул макаланын түп нускасы Cabar.asia аналитикалык порталына жарыяланган.

Пандемия Өзбекстандын саламаттыкты сактоо тармагы үчүн чоң сыноо болду.

Атын атагысы келбеген вирусолог CABAR.asiaга жергиликтүү медицина коронавирус менен кантип күрөшүп жатканы жөнүндө айтып берди.

CABAR.asiaнын маектешинин айтымында, март айынын башынан бери Ташкенттин медициналык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу институтунда тренингдер өткөрүлгөн, анын ичинде эң так деп эсептелген SARS CoV-2 ПЧР (полимераздык чынжыр реакциясы) методу менен дартты аныктоо ыкмасы дагы болгон.

Күн сайын Вирусология илим-изилдөө институтунун адистери коронавирусту текшерүү үчүн миңдеген үлгүлөрдү алышат.

Диагноз чыгаруу учурунда ооруну жугузуп алуу коркунучу реанимация бөлүмүнүкүнөн кем эмес. Адистер биологиялык материалдар чыгып кетпей турган шарттагы ламинардык шкафтарда нөөмөт менен иштешет.

Бардык нөөмөт бир жолку коргоочу шаймандар менен өтөт жана кеминде 12 саат талап кылынат.

«Квалификациялуу кадрлар жетишсиз. Дарыгерлер лабораторияларда жашап, бир нече саат гана укташат», – дейт ал.

Бейтаптар менен байланышкан дарыгерлер ай сайын дээрлик 2,5 миң доллар алышат.

Сүрөт Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигиники.

Улуттук инновациялык саламаттык сактоо палатасынын маалыматы боюнча, төрт миңге жакын дарыгер өз ыктыяры менен коронавируска каршы күрөштүн алдыңкы катарында жүргөн кесиптештерине жардам беришкен. Мамлекет башчысы жарлык менен медицина кызматкерлерин стимулдаштырууну чечти. Бейтаптар менен байланышкан дарыгерлер ай сайын — 25 млн. сум (дээрлик 2,5 миң доллар) алышат, медайымдар жана лаборанттар — 15 млн. сум (дээрлик 1,5 миң доллар).

Дарыгерлер айына 14 күн иштеп, ушундай бонустарга ээ боло алышат. Кийинки 14 күндө алар өздөрү анализ тапшырышып, карантинге алынышат.

Өзбекстандын дарыгерлерине активдүү жардамды чет өлкөдөгү кесиптештери, биринчи кезекте Кытайдан беришүүдө.

Вирусту дарылоонун методикасы кытайлык адистердин сунуштарына негизделген. Тактап айтканда, гидроксихлорохин сульфаты жана азитромицин препараттарынын кошулмасы колдонулат.

Ташкентте коронавирус менен ооругандарды үч медициналык мекемеде — Вирусология илимий институтунда, Эпидемиология, микробиология жана жугуштуу оорулар илимдер институтунда, ошондой эле Шаардык жугуштуу оорулар клиникасында дарылашууда.

Бейтаптар ал жерге тастыкталган диагноз менен келип жатышат. Негизинен, карантинге алынгандар чет өлкөлөргө чыгып келгендер же оорулуу адам менен байланышкандар.

Сүрөт Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигиники.

Ташкентин жанында 10 жана 20 миң кишиге ылайыкталган тез арада курулган карантин борборлору иштейт. Изоляцияга алынгандар бөлмөлөрдө төрттөн жайгаштырылат. Республиканын башка аймактарында да ушундай шашылыш борборлор салынды.

Башкы мамлекеттик санитардык дарыгер Бахром Алматовдун айтымында, дал ушундай аракеттердин негизинде коронавирус оорусунун динамикасы төмөндөдү.

«Озодлик» радиосу өзбек бийлиги коронавирустун жайылып кетиши мүмкүн деген коркунучтун алдын алып, дагы кошумча 200 миң орун даярдап койгонун айтат.

Саламаттыкты сактоо министрлиги азырынча бул маалыматтарды тастыктай элек.

Өзбекстандын Президенти пандемия менен күрөшүү үчүн эл аралык насыя берүүчүлөрдөн жана донорлордон 277 миллион доллар алуу механизмин тездетүүгө чакырды.

Ал алынган акчага кошумча 2,3 миң дем алдыруучу аппарат сатып алууну буйруду.

Адистер, жалпысынан өлкө боюнча карантин жакшы уюштурулган дешет.

Бирок айрым мыйзам бузуулар да бар. Мисалы, бейтаптардын, карантинге алынгандардын ортосундагы стихиялык соода-сатык мамилеси.

Медиктердин шалаакылык фактылары да бар. Мисалы, Ташкент шаарынын тургуну коронавируска шектелип райондук медициналык мекемелерге бир нече жолу кайрылган. Бирок ар биринде дарыгерлер текшерүүдөн өткөрүп эле, коронавирусту аныктоочу тесттен өткөрбөй туруп үйүнө кетирип жиберишкен. Бейтаптын абалы начарлап, бешинчи жолу кайрылганда гана аны тесттен өткөрүшкөн. Анализдин жыйынтыгы оң болуп чыккан. Дарыгерлердин шалаакылыгы бир нече кишинин жугушуна алып келди жана эки ири медициналык мекемени карантинге жабышты.

Өзбекстан Саламаттыкты сактоо министрлигинде дары-дармектерге жана жеке коргонуу шаймандарына болгон тартыштык жок экендигин билдирүүдө. Бул жасалма дем алдыруучу аппараттарга дагы тиешелүү. Аларды Өзбекстан Россиядан сатып алууда.

2020-жылдын 21-апрелине карата Өзбекстанда расмий түрдө Covid-19 вирусун жуктурган 1627 учур катталды.

Эксперт: Тажикстанда вирустук оорулардын мынчалык чыгышын күткөн эмес

Эксперттер медициналык көз караш менен алганда Тажикстан, эл аралык коомчулук сыяктуу, коронавирустун келишине даяр эмес болчу деп эсептешет.

Абуали ибн Сино атындагы Тажик мамлекеттик медициналык университетинин микробиология, иммунология жана вирусология кафедрасынын башчысы, профессор Саидбек Сатторовдун айтымында, даярдыксыздыктын себеби — вирустун жаңы түрүнүн келгенинде болду.

«Атүгүл өнүккөн өлкөлөрдө аны дарылоо жана аныктоо үчүн медициналык жана диагностикалык материалдар болгон эмес», — дейт Сатторов.

Душанбенин тургундары. Фото: CABAR.asia

Анын айтымында, бардык жугуштуу ооруларды аныктоо жана дарылоо сапаттуу жана өз убагында диагноз коюуга көз каранды.

“Тилекке каршы, медицинанын негизги багыттары болгон микробиология, иммунология жана вирусология өнүккөн эмес. Бардык медициналык дисциплиналар ушул үч предметке көз каранды. Ошондуктан зарыл болгон учурда башкаларга көз каранды болбош үчүн Тажикстанда ушул үч дисциплинаны жогорку деңгээлде өнүктүрүшүбүз керек. Биз фундаменталдуу болуп эсептелген теориялык медицинаны өнүктүрүшүбүз керек», – дейт профессор.

Сатторов буга чейин бир нече жыл вирусология жана иммунология лабораториясы бар Профилактикалык медицина илимий-изилдөө институтун жетектеген. Бирок профессордун айтымында, мындан башка кошумча имарат жана заманбап медициналык жабдыктар да болушу керек.

«Эгер жабдыктар жана имарат бар болсо, тажик адистери чет өлкөлөрдө өздөрүнүн квалификациясын жогорулатып келип иштей алышат», — деди Саттаров.

Ал адистерди даярдоо өзгөчө мааниге ээ, «андан кийин алардын кеңешин угуу керек» экендигин баса белгилейт.

Медициналык эксперт, доктор Махмудшох Кабировдун айтымында, тажик иммунология жана вирусология адистеринин жаңы инфекцияга даярдыгын убакыт гана көрсөтө алат.

«Тажикстан гана эмес, көпчүлүк державалар инфекциялардан коргонуу системасын өнүктүрүүгө артыкчылык беришкен эмес жана вирустук оорулардын чыгышын күткөн эмес. Бирок боксчу атаандашынын соккусунан кулап түшпөсө, анда ал жакшы даярдангандыгын билдирет”, — дейт Кабиров.

Анын айтымында, Тажикстандын вирусология жана иммунология тармагы дагы деле Советтер Союзунун деңгээлинде жана ал өнүгүүгө муктаж.

«Тилекке каршы, бизде бул илдеттин алдын алуу үчүн заманбап лабораториялар жок, изилдөө үчүн жабдууларды, дары-дармектерди жана диагностикалык шаймандарды өндүрө албайбыз», — деди М. Кабиров.

Ошондой эле, анын пикиринде, Тажикстанда жугуштуу оорулар жана социалдык психиатриялык медицина дагы деле баштапкы абалда.

«Мисалы, Тажикстанда коронавирус али аныктала элек, бирок азыр адамдардын арасында, айрыкча медицина кызматкерлеринде, тынчсыздануу сезими күч алууда. Алар оору чыкканга чейин эле психологиялык жардамга муктаж болуп калды», — дейт Кабиров.

Анын айтымында, пандемия басылгандан кийин, улуттук гигиенаны жакшыртуу, медициналык тутумду, анын ичинде инфекциялык, социалдык жана психиатриялык системаны өркүндөтүү, ошондой эле психиатриянын өнүгүшү үчүн инфраструктураны түзүү керек.

«Бай адамдар кайрымдуулук иштерин үйрөнүп, атамекендик медицинаны колдоого үйрөнүшү керек. Ошондой эле дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатуу жана бүтүндөй медицина тармагын каржылоону колго алуу керек», — деди М. Кабиров.

Тажик бийлиги жаңы коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн бардык нерсени жасап жаткандыгын айтышууда.

Март айынын аягында эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү үчүн премьер-министр Кохир Расулзонун алдында республикалык штаб түзүлгөн, ага бардык министрликтер менен ведомстволордун башчылары, Башкы прокурор жана Коопсуздук Кеңешинин катчысы кирген.

Насим Олимзода. Фото: ozodi.org

Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министри Насим Олимзода 8-апрелде өлкөдө 500дөн ашуун жасалма дем алдыруучу аппарат бар экендигин жана Дүйнөлүк банктын каражаттарынын эсебинен дагы 100 жабдуу сатып алуу пландаштырылып жаткандыгын айтты.

Министр ошондой эле, бүгүнкү күндө Тажикстанда жогорку эл аралык деңгээлдеги лаборатория иштеп жаткандыгын, ал жерде коронавирусту аныктоо үчүн Москвада окуудан өтүп келген сегиз жергиликтүү вирусолог иштеп жаткандыгын белгиледи.

Эки күн мурун, 6-апрелде, министрлик өлкө лабораторияларында 25 миң коронавирусту аныктоочу тест бар экендигин жана 3 миң жаран тесттен өткөндүгүн айткан.

Өлкөдө оорулуулар үчүн жалпы 51 миң орун бар, жугуштуу оорулуулар үчүн дээрлик 4 миң орунду түзөт.

Коронавирустун жайылуу коркунучун эске алганда, дагы 1150 орун толугу менен даяр. Жалпысынан, инфекцияга чалдыккандар үчүн 3150 жаңы орундар даярдалат.

Душанбе шаарынын тургундарынын айтымында, айрым мекемелерге жарандарды медициналык беткапсыз киргизбей жатат. Ушундай талап айрым мектептерге жана мечиттерге киргизилген.

Казакстан: Биз куруп-куруп, акыры куруп бүттүк

Казакстандын Нур-Султан шаарындагы коронавирус менен ооругандар үчүн бейтапкананын курулушу аяктады. BI Group курулуш компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Айдын Рахимбаев өзүнүн фейсбук баракчасында реанимация бөлүмдөрүнүн палаталарына жасалма дем алдыруучу аппараттар орнотулуп жаткандыгын маалымдады.

Жакынкы күндөрү бардык шаймандар орнотулуп, оорукана дарыгерлердин колуна өтөт деп пландалууда.

Сүрөт Айдын Рахимбаевдин Facebook баракчасынан алынды

Жакынкы аралыкта Алматы шаарында да ушундай оорукананын курулушу аяктайт деп кабарланууда. Шымкентте курулуп жаткан объектинин курулушу талапка жооп берилбегендиктен токтотулду. Шаардык мэрия жугуштуу оорулар ооруканасы үчүн жаңы долбоор карала тургандыгын билдирди.

Апрелдин башында Казакстандын Саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов фейсбук баракчасында өлкөдөгү эпидемиянын узактыгына байланыштуу божомолдору менен бөлүшкөн. Анын эсеби боюнча, оорунун жогорку чеги жаздын акыркы айларында — апрель-майда болот, ал кезде эң аз дегенде 3500 адам ооруйт.

«Коронавирус инфекциясын жугузуп алган бейтаптарды дарылоо үчүн 3920 керебет, ошондой эле инфекцияга шектелген бейтаптар үчүн 7300гө жакын «убактылуу керебеттер» жайгаштырылды. Реанимация бөлүмдөрү дагы даяр жана 180 оорулууну кабыл алуу үчүн иштеп жатат, ал 170 жасалма дем алдыруучу аппараты жана 38 кандын экстракорпоралдык кабыкчасын кычкылдандыруучу аппараты менен жабдылган», — деди Биртанов.

Бирок Биртанов бейтаптар ооруканаларда орто эсеп менен 3-4 жума жата тургандыгын, андыктан дагы орундар керектелерин мойнуна алды. Ошондуктан Казакстандын үч ири шаарында — Нур-Султан, Алматы жана Шымкентте жугуштуу ооруларга каршы ооруканаларды куруу чечими кабыл алынды.

Алия Сарсенова. Жеке архивдеги сүрөттөр

Дарыгерлер коронавирусту дарылоо боюнча маектешкиси келбейт. CABAR.asia Нур-Султандагы көп тармактуу жугуштуу оорулар ооруканасынын кургак учук боюнча дарыгери Алия Сарсенова менен маектешип, ал COVID-19 менен ооругандарды дарылоо кандай жүрүп жаткандыгын айтып берди.

«Биз ДСУнун сунуштарын колдонуп жатабыз. Бир айыгып кеткен бейтапка биз болгону күнүнө эки жолу бир гана дары бердик, бирок мен аны сизге айта албайм. Бул вируска каршы, абдан күчтүү иммунитетти жогорулатуучу дары. Чыгарган өлкө — Улуу Британия. Аны дарыканадан сатып алуу мүмкүн эмес, ал ооруканаларда гана болот», — дейт Сарсенова.

1-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык кызматтардын сапаты боюнча биргелешкен комиссиясы тарабынан жактырылган коронавирустук инфекцияны дарылоо боюнча жаңыланган протокол пайда болду. Анда COVID-2019 менен ооруган бейтаптарга кайсы дары-дармектер берилери айтылат. Бул тууралуу Facebook социалдык тармагындагы өз баракчасында Казакстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Каламжан Надыров билдирди.

«Биз ар дайым кабардар болуп турабыз, дүйнө жүзүндөгү кесиптештерибиздин сунуштарын ар дайым изилдеп, ДСУ, CDC жана башка бир катар уюмдардын эксперттери менен үзгүлтүксүз кеңешип турабыз. Документти кайра карап чыгуу Кытай, АКШ, Италия сыяктуу мамлекеттердин COVID-2019 коронавирустук инфекциясы менен оорулууларды дарылоо боюнча чет элдик тажрыйбанын акыркы маалыматтарына негизделген», — деди Надыров.

Коронавирусту аныктоочу тесттерге келсек, COVID-19 тууралуу маалымат берген расмий сайтта, 3-апрелде кандагы коронавирустун бар жогун аныктоону каалоочулар үчүн эки кайрымдуулук фонддун колдоосу менен диагностикалык лабораториялар тармагы сайт ачкандыгын маалымдады.

Анкетанын формасын ушул жерден толтурса болот. Эпидемиологиялык талдоонун жыйынтыгы боюнча биринчи кезекте тестирлөөдөн өтө турган жарандардын категориялары аныкталат.

Казакстанда эки айдан кийин өздөрү өндүргөн атамекендик тесттер пайда болушу мүмкүн. Улуттук биотехнология борборунун окумуштуулары дароо атамекендик лабораторияларда иштелип чыккан эки типтеги тесттер жөнүндө билдиришти. Борбордун директорунун орун басары Юрий Скиба Sputnik Казакстанга билдиргендей, кооптуу инфекция беш сааттын ичинде аныкталышы мүмкүн, тест системаларынын эффективдүүлүгү эки миң кишинин биоматериалында сыналды.

11-апрелден тартып Алматы жана Нур-Султан шаарларында коронавируска ыкчам-тестирлөө жүргүзө башташты. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги алардын тактыгы 100% эмес экендигин эскертет.

«Бул ыкчам тест. Кан сөөмөйдөн алынат жана бардык медайым тест жасай алат. […] Бирок көйгөй эмнеде? Экспресс-тесттер так эмес болгондуктан, аны дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн биринде дагы медициналык диагноз чыгарууга сунушташпайт. Алар тобокелдик топторунун арасында скрининг жүргүзүү үчүн колдонулат. Башкача айтканда, оң натыйжа болсо, анда аны дагы текшеришибиз керек», — деди саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов түз эфирде.

Жалпысынан, медициналык коомчулук Казакстан тарабынан коронавирустун алдын алуу боюнча көрүлгөн чараларды өз убагында жана жетиштүү деңгээлде деп баалоодо.

«Амансаулык» коомдук фондунун жетекчиси Бакыт Туменов CABAR.asia менен болгон маегинде Кытай Казакстанга коронавирус инфекциясынын коркунучун реалдуу баалоо жана тез арада чара көрүү үчүн эки айдан ашык убакыт бергендигин маалымдады.

Кыргызстан: чет элдик жардам жана уюшулбагандык

20-апрелде коронавирус инфекциясын дарылоо боюнча тажрыйба алмашуу максатында Кытайдан 15 медициналык адис келди. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, кытайлык дарыгерлер жардам көрсөтүп, бейтаптарды дарылоодо алдыңкы тажрыйбалар жана ыкмалар менен бөлүшүшөт.

Сүрөт: gov.kg

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кыргызстандык дарыгерлер Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштарына ылайык коронавирустук инфекцияны дарылап жаткандыгын кабарлаган.

«Азырынча коронавируска каршы вакциналар жок. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сунуш кылган клиникалык дарылоо боюнча колдонмо бар. Анын негизинде окуудан өткөн кыргызстандык дарыгерлер тарабынан клиникалык дарылоо протоколу иштелип чыкты», — деди ал брифингде.

Айнура Акматова. Сүрөт: akipress.org

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматованын айтымында, коронавирусту алып жүрүүчүлөрдү дарылоо ооруканаларда жаткандардыкынан айырмаланат. Иммунитети жакшы болгондуктан, оору билинбей өтүшү мүмкүн жана ден соолукка зыян келтирбейт.

“Коронавирус инфекциясын дарылоо симптоматикалык мүнөзгө ээ, анткени бул вирустук инфекция. Дарылоо адамда инфекциянын өнүгүшүнө жараша болот. Эгерде бейтаптын башка өнөкөт оорусу болсо, анда дарылоо ошол ооруга багытталат, керек болсо, интенсивдүү терапия жүргүзүлөт, өпкөнүн жасалма дем алдыруу аппараты колдонулат», — дейт Акматова.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 649 жасалма дем алдыруучу аппараты бар. Бирок ведомствонун бөлүм башчысынын орун басары Нурболот Үсөнбаев акыркы брифингде алардын 365 гана иштей тургандыгын билдирди.

18-апрелде ыкчам штабдын отурумунда саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов донордук уюмдардан 63 жасалма дем алдыруучу аппарат алуу иштери жүрүп жаткандыгын айтты.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жыйынында өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Айнура Акматованын айтымында, бүгүнкү күндө бүткүл республика боюнча 1623 керебет жайгаштырылган, анын 715си резервде. Анын 215 оруну реанимация бөлүмүндө (68 резервде). Дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын өнүгүшүн эске алуу менен, бул керебеттердин локализациясы жана саны жаңыртылат.

6-апрелде Саламаттыкты сактоо министри Кыргызстанда 76 миң коронавирусту аныктоочу тест-системалары бар экендигин, алардын 30 миңге жакыны колдонулгандыгын жарыялады. Ошол эле күнү Орусиядан 5 миң, Белоруссиядан 22,5 миң тест келген. Кийинчерээк Россиядан 20 миң анализ үчүн ПЦР-тесттери келген. Ошондой эле мамлекеттин эсебинен Белоруссиядан дагы тесттер сатылып алынууда.

Кыргызстанга тесттер ДСУ аркылуу да жеткирилип жатат. 17-апрелде өлкөгө 6,5 миңден ашык изилдөө үчүн 64 ПЦР-тест системалары алынган. Бул ДСУдан гуманитардык жардам катары келген үчүнчү партия. Февраль жана март айларында Кыргызстанга 2600 тест-топтому жеткирилген.

20-апрелде жеке лабораторияда коронавирус инфекциясын аныктоо үчүн анализдерди кабыл ала тургандыгы белгилүү болду. Бирок анын баасы кеминде эки миң сомду (25 АКШ доллары) түзөт.

Талантбек Батыралиев. Сүрөт: 24.kg

Пандемия Кыргызстанга биринчи жолу келди жана ал өлкөдө илимдин деңгээли төмөн экендигин, вирусологияга тийиштүү көңүл бурулбай калгандыгын көрсөттү деп эсептейт мурдагы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев. Анын айтымында, республиканын илимий потенциалын, айрыкча медицинаныкын көтөрүп, дүйнөлүк коомчулук менен интеграциялоо керек.

«Пандемия диагноз коюунун гана эмес, дарылоонун дагы көйгөйлөрүнүн ийне-жибине чейин көрсөтүп койду. Андыктан мындай учурлар үчүн биз автоматтык түрдө бригадаларды, тез реакция кылган ооруканаларды түзүшүбүз керек. Башкача айтканда, алгоритм, чынжыр реакциясы алдын-ала иштелип чыгышы керек. Анын ордуна бизде эмне болду… уюштуруучулук жок болду», — деп эсептейт Батыралиев.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты