«Каткелди» китеби — согуш учурундагы өспүрүм почточу Ильгиз Айтматов тууралуу (Видео бет ачар)

Бүгүн, 7-майда, өкмөткө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата чыгарылган “Каткелди” китебинин видео бет ачарын өткөрдү.

Белгилүү коомдук ишмер, физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек синирген ишмер Роза Айтматова менен жазуучу, полковник Асан Ахматовдун китебинин негизин согуш жылдарында почточу болуп иштеген өспүрүм бала, 15 жашында оорукта аткарган эмгеги үчүн 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн медалы менен сыйланган, техникалык илимдердин доктору, академик, 90 жаштагы Ильгиз Айтматовдун эскерүүлөрү түздү.

Зайнидин Курманов, тарых илимдеринин доктору, профессор:

“Почточу-өспүрүм фронт менен тылды байланыштырганына сыймыктанган”

-Бул- чын дилден жазылган кызыктуу китеп. Ал повесть жанрында жазылып, өспүрүмдөргө арналган. 1941-1945-жылдагы согуш учурунда өскөн өспүрүм балдар анда баш каарман болгон. Повесть турмуштан алынып жазылган. Анын каарманы, Каткелди аттуу бала- белгилүү академик Ильгиз Айтматов болуп саналат.

Согуш учурунда эркектердин баары согушка кеткенде, болгон мүмкүнчүлүктү, балдардын эмгегин да, пайдаланышкан.

Каткелди фронт менен тылды байланыштырып жүргөнү үчүн сыймыктанган.

Ошол кезде компьютер жок, эл кат түрүндө жазышкан. Ал кездеги каттар кубанычты да, кайгыны да алып келген. Китеп мына ошол учурдагы жан дүйнөдөгү бүлүктөр тууралуу баяндап берет.

Роза Айтматова, физика-математика илимдеринин кандидаты, коомдук ишмер:

“Кыйын кезеңде балдар да жардамга келе алат”

-Биз Асан экөөбүз, Ильгиз Айтматовго барып калсак, (Асан-биздин эжебиз Люциянын уулу) ал аңгемелешүү учурунда суроо берип калды:

-Ильгиз таяке, сиз согуш учурунда почточу болуп иштеген экенсиз. Анда канча жашта элеңиз? Кантип ошондой жооптуу ишти аткарчу элеңиз? -деп.

Анда Ильгиз Төрөкулович күлүп жооп берди:

-Аткарууга туура келген. Абдан кызыктуу учурлар болгон. Биринчи жолу почточу болуп иштей баштаганда 12 жашта болчумун, -деди.

Ошентип, бизге кызыктуу учурларынан айтып берген.

Ал кезде тоодо жашынып жүргөн дезертир кантип кол салганын, аттан кантип жыгылганын да баяндаган.

Кичинекей почточунун кызыктуу учурлары тууралуу Асан экөөбүз өспүрүм балдар үчүн китеп жазалы деп чечкенбиз.

Китептин идеясы- өлкөнүн же адамдардын турмушунда оор кезең келгенде, балдар, өспүрүмдөр да жардамга келе алаары тууралуу. Балдар чынчыл, кең пейил жана эмгекчил болушу керектиги тууралуу.

Ильгиз Айтматов, академик:

“Аксак атка абайлап минип, согуштан кат-кабар ташыгам”

-Талас суусунда көпүрө кулап, төрт чакырым ылдый жайгашкан Жийде айылындагы көпүрөдөн өтүүгө туура келген. Ошентип Покровка айылындагы почтага барчумун. Менин минген атым аксак болчу, ага карабай мине берсең болот дешкенде,абайлап минип барып, гезит, кат, согуштан келген каттарды, маалыматтарды алып келчүмүн. . .

Асан Ахматов, полковник, жазуучу:

“Азыркы жаштар согуш убагындагы балдардын жашоосун биле жүрүшү керек”

-Китептин биринчи кезекте тарбиялык мааниси болушу керек. Биздин ата-энелерибиз өспүрүм кезинде согуш учурун баштан кечиргенин сезиш үчүн алардын жүрөгүнө, жан дүйнөсүнө жетиш керек. Китеп гана ошол миссияны ичине камтый алат.

Азыркы жаштар ошол убакыттагы балдардын жашоосун, эмгегин билиши керек.

Албетте, окурмандарыбыз билгендей, Роза Айтматова жана Ильгиз Айтматов Чыңгыз Айтматовдун бир туугандары, ал эми Асан Ахматов- алардын жээни, Люция Айтматованын уулу.

«ПолитКлиника» медиасы.

Сүрөт жана видео: Кыргызпатент.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты