​Борбордук Азиядагы «коронакризис»: пандемиянын экономикага тийгизген кесепеттери

Коронавирустук пандемия Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикасына олуттуу терс таасирин тийгизет.Анын кесепеттеринин канчалык олуттуу болору учурда кабыл алынган антикризистик чаралардан көз каранды болорун айтышат эксперттер. Бул макаланын түп нускасы Cabar.asia аналитикалык порталына жарыяланган.

Казахстан: домино эффектиси

Гулбаршын. Photo: CABAR.asia

Гульбаршын эки жыл мурун кредит алып, Казакстандын Түркестан облусунун Абай айылында дүкөн ачкан. Мурун анын кирешеси айына үч миң долларга чейин жетчү. Марттын биринчи эле жумасында анын товарлары дээрлик сатылып кеткен, бирок эми кардар жок. Эгер бул абал улана берсе, Гульбаршын дүкөндү жабууга аргасыз болот.

«Учурда элде акча жок, баары карызга сурашууда. Албетте, мен баарына карызга бере албайм. Эми эмне кылышымды да билбей турам. Сыналгыдан үч айга төлөмдөр кармалып турат дегенди угуп аябай сүйүнгөм. Бирок мунун баары куру сөз экен. Биз банкка чалганыбызда, бул аралыкка айып баары бир салынат деди. Биздин президент жана банктар – эки башка мамлекет», — деп нааразы Гульбаршын.

31-мартта Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев билдирүү жасады. Ал биринчи кезекте чакан жана орто дыйкан чарбаларын колдоп, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө дизелдик бааны базар баасынан 15% төмөндөтүүнү тапшырды. Бул үчүн мамлекет 390 миң тонна дизель отунун арзандатылган баада бөлүп берет.

«Экономиканын эң көп жабыр тарткан тармактарындагы чакан жана орто бизнес үчүн 6 айга (2020-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин) эмгек акы фондунан салыктар жана башка төлөмдөр токтотулду. Бул тармактарга: коомдук тамактануу, тандалган соода тармактары, транспорттук кызматтар, консультациялык кызматтар, IT сектору, мейманкана бизнеси, туризм ж.б. кирет”, — деди Токаев.

Бирок мамлекет убада бергиче, ишкерлер иш таштоодо.Алмата облусунун Талдыкорган шаарында ишкерлер митинг уюштурушту. Алар карантин учурунда салыктарды азайтууну же базардын айланасындагы ири дүкөндөрдү жабууну талап кылышууда.

Өзгөчө абал режими киргизилгенден кийин өлкөдө эки миллионго чукул адам жумушунан айрылды. Мындай маалымат Казакстан парламентиндеги жыйында айтылган. Бул өлкөнүн жумушчу калкынын төрттөн бир бөлүгү.






Султан Ильясов. Photo: CABAR.asia

Эксперт Султан Ильясовдун айтымында, Казакстандын экономикасы азыр кыйын абалда турат. Тышкы факторлор менен байланышкан бардык тобокелдиктер менен чыгымдарды казак бизнеси өз мойнуна алат.

«Өкүнүчтүүсү, Улуттук банк курсту колдобой, эркин өсүүгө калтырып койду. 2020-2021-жылга пландалган бардык инвестициялык долбоорлор кайрадан бааланууда, мындан жакшы нерсе күткөн жокпуз. Тилекке каршы, алардын көбүн кыскартуу керек. Россияда азыр баары ыйлап жатышат, ошол эле абал бизде да болот», — дейт Ильясов.

Абай атындагы Казакстан улуттук педагогикалык университетинин экономика илимдеринин кандидаты Мухтар Омархановдун айтымында, көбүнчө кызмат көрсөтүү жана соода тармагы жабыр тартат. Анын баамында, соода-сатык менен алектенген ишкерлердин болжол менен 50%ы бизнесин жоготушат же жаап салышат. Ал эми туризмге келсек, бул тармак коронавирус пандемиясына чейин эле жакшы абалда болгон эмес.

«Казак туризмдин» расмий статистикасына караганда, 2018-жылы өлкөгө 8,5 миллион турист келген. Карапайым жарандар, балким, бул улуттук компания өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүү үчүн маалыматтарды бурмалап жатат деп шек санашууда. Анткени өлкөнүн бюджетине бул эч кандай таасирин тийгизген эмес. Чыныгы туристтер – айтылган 8,5 миллион кишинин 1%ы гана. Алардын бардыгы форумдарга жана жолугушууларга гана келишкен», — деди Омарханов.
Азыр 12 миңден ашык ишкерлер жардам алуу үчүн өкмөткө кайрылышты. Алардын 80% кичи жана орто бизнестин өкүлдөрү.

«Мамлекет жеңилдиктерди берүүдө. Ишкерлерге салык каникулун жарыялады. Ага кошумча, ишкерлер товарын сатууда базар издебеши үчүн, бардык акиматтар атамекендик товарларды өндүрүүчүлөрдөн сатып алышы керек», — дейт Мажилис парламентинин депутаты Айкын Конуров.

Бирок экономист Марат Абдурахманов белгилегендей, 2020-жылдын 1-апрелине чейин, жалпы режимде иштеген бардык ишканалар корпоративдик кирешеге салык декларациясын тапшырып, аны 25-майга чейин төлөшү керек. Эгер өзгөчө кырдаал режими күчөй турган болсо, анда ишкерликтин салык төлөөгө каражаты жана мүмкүнчүлүгү дагы болбойт.

«Качан гана жеке тарап менен юридикалык тарап экөө тең банкрот болуп, салык төлөй албай калган учурда экономикада домино таасири башталат. Ишканаларда салык каникулунункиргизилиши, эгер ошол ишканада 100% казакстандыктар иштеген учурда жана менчик ээлери Казакстандын жараны болсо гана мааниге ээ. Антпесе жеңилдиктерге биздин казактардан башка адамдардын бардыгы ээ болушат», — деди Абдурахманов.

Кыргызстан: чакан жана орто бизнес ондогон жылдарга артка кетет

2020-жылдын биринчи эки айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда ИДПнын көлөмү 4,3%га өскөн, Кумтөрдү эске албаганда — 3,3% өсүү темпин көрсөткөн. Бирок бул кризис өлкөнү айланып өттү дегенди билдирбейт.





Эльдар Алишеров. Photo: kabar.kg

Коронавирустун айынан Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө кырдаал начарлап баратат. Өлкө аймагында өндүрүштүн көлөмү бара-бара төмөндөөдө. Бүгүнкү күндө бардык мамлекеттер башынан өткөрүп жаткан дүйнө кризиси бул экономиканын ички тармактарына дагы таасирин тийгизет.

«I кварталдын жыйынтыгы менен бизде өсүү басаңдашы мүмкүн, бирок баары бир деле артка кетпейт. Ал эми экинчи кварталдан баштап коронавирустун таасири жана дүйнөлүк экономикалык кризис көрсөткүчтөргө толук таасирин тийгизет», — деди CABAR.asia’га Кыргызстандын экономика министринин орун басары Элдар Алишеров.

Өлкө аймагында учурда өзгөчө кырдаал, ал эми айрым аймактарда өзгөчө абал режими киргизилген. Көптөгөн ишканалар жабылган, бул болсо түшө турган салыктардын көлөмүнө, өндүрүшкө, натыйжада экономикалык өсүшкө таасирин тийгизет.

«Бүгүн бизде чет өлкөлөр менен экспорттоо / импорттоо боюнча белгилүү бир көйгөйлөр бар, бирок бизге баары эле келип жатат. Тактап айтканда, жүктүн агымы толугу менен токтоп калган жок, ал темир жол жана унаа жолу аркылуу келип жатат. Ырас, бирок көлөмү мурдагыдай эмес. Албетте, бул бажы төлөмдөрүнө таасир этет. Жалпы жонунан, 2020-жылга бажы жана салык төлөмдөрүнүн жоготуулары 28 миллиард сомго (329,8 миллион АКШ доллары) бааланууда”, — деп кошумчалады министрдин орун басары.

Бирок салык жана бажы төлөмдөрү бардык жоготууларды түзбөйт. Чакан жана орто бизнеске тийгизе турган зыянды эсептегенге бул тармактагы тажрыйбалуу адистер дагы белсенишпейт.





Авазбек Керимбаев. Photo: sputnik.kg

«Мисал үчүн эки жыл мурунку окуяны эске салалы. Анда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы саясий келишпестиктен улам Казакстан тарап чек араны бир нече күнгө жаап салган. Ошол убакта мамлекет 210 миллион доллардан кур калган, бул бир нече күндө гана. Ал эми бул абал бир же бир нече айга созулса кандай сумма чыгаарын элестетип көрүңүздөр”, — деп билдирди CABAR.asia’га Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын чакан жана орто бизнестин өнүгүшү комитетинин төрагасы Авазбек Керимбаев.

Анын айтымында, чакан жана орто бизнестин негизги көйгөйү – коопсуздук подушкасынын жоктугу. Ишкерлер кирешесин күнүнө алышат да, ошол тапкан пайдасы менен бизнесин айландырышат. Мындан тышкары, чакан жана орто ишканалардын дээрлик бардыгы насыя алышат, ал эми иштебей калуу аларды оор абалга тушуктурууда.

Көйгөйдүн масштабы канчалык деңгээлде экендигин түшүнүү үчүн Кыргыз Республикасында калктын көпчүлүк бөлүгү дал ушул чакан жана орто бизнес менен алектенерин айтуу керек. Кыргызстан базарлары ассоциациясынын президенти Дамира Дөлөталиеванын баамында, бул 250 миңден ашык адам.

Чегара жабык, товарларды сата турган эч ким жок

Анын айтымында, 16-мартта соода менен байланышкан биринчи көйгөй Казакстан менен мамлекеттик чек арада жүк ташуу токтотулганда башталган. Кийинчерээк кырдаал жөнгө салынгандай сезилди, бирок 19-марттан тартыпКазакстан жүктөрдү ташууга гана эмес, жеке адамдардын чек арадан өтүүсүнө да чектөө киргизген.

«Бизде кардарлардын 80% — 90% Казакстандан. Чек ара жабык, товарларды сата турган эч ким жок. 23-мартта соодагерлер базарды жабуу өтүнүчү менен кайрылышкан. Сооданын бар-жогуна карабай базар иштеп жаткандан кийин адамдар патент алууга жана социалдык фондго төлөөгө аргасыз болушат”, — дейт Дөлөталиева.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө сатуучулардын негизги көйгөйү — насыя карызы. Улуттук банк банктарга айып төлөтүүгө жана комиссиялык төлөмдөрдү алууга тыюу салган токтом кабыл алды, бирок насыяны төлөө мөөнөтүн жылдырууну сунуш катары гана берди.

Чындыгында, дал ушул насыяны төлөө мөөнөтүн жылдыруу ишкерлердин күнүмдүк жашоосун жеңилдетмек.

31-мартта өкмөт акыры экономикалык жана социалдык туруктуулукка тийгизе турган терс таасирди азайтуу планын сунуш кылды.

«Анын аракети негизинен ишканаларды, ишкердикти, калкты колдоо жана тышкы факторлордун таасирин минималдаштырууга багытталган. Ишкерлер үчүн салык преференциялары каралды, мындан тышкары, Улуттук банк тарабынан бизнести колдоо, атап айтканда, насыяларды кийинкиге жылдыруу боюнча чаралар көрүлдү. Калкка келсек, ага дагы жардам берилет, азырынчаЭмгек министрлиги менен биргеликте механизмдер иштелүүдө”, — деп билдирди экономика министринин орун басары Алишеров.

Ал бюджетке келип жаткан күчтү азайтуу максатында республиканын тышкы карызын реструктуризациялоо жана узартуу боюнча жумушчу топ түзүлгөндүгүн белгиледи.

Аткаминер бюджет тартыштыгын жабуу үчүн Кыргызстан эл аралык донорлорго кайрылгандыгын айтат. ЭВФ буга чейин Кыргыз Республикасына 120,9 миллион доллар бөлдү. Учурда Дүйнөлүк банк, Азия Банкы жана ЕРӨБ, ошондой эле БУУ жана башка өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Өзбекстан: Сум курсу олуттуу чөгүп кетиши мүмкүн

COVID-19 вирусунун таралышы Өзбекстан экономикасынын дээрлик бардык тармагын шал кылды.Тактап айтканда, транспорт, соода, туризм, өнөр жай, ресторан бизнеси жана билим берүү кызматтары карантинге алынган. 23-мартта коронавирус оорусун жугузуп алган 46 учуру катталган Ташкентте метрополитендин, автобустардын жана каттамдагы таксилердин иши белгисиз убакытка токтотулду. Бийлик бюджеттик жана коммерциялык уюмдардын кызматкерлерин эс алууга жөнөтүүнү же аларды аралыктан иштөөгө өткөрүүнүсунуш кылды. Азыр укук коргоо органдары, өзгөчө кырдаалдар кызматы жана азык-түлүк дүкөндөрү гана иштеп жатат. Жазгы брондоолорду артка кайтаруудан эле туризм тармагы 31 миллион доллар жоготту.Бул тууралуу вице-премьер-министр Азиз Абдухакимов билдирди.







Президент Шавкат Мирзиёев кризиске каршы чараларды колдоо үчүн миллиарддан ашык доллар бөлдү. Фото: president.uz

19-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев коронавирус эпидемиясынын өлкөнүн экономикасына тийгизген таасирин жеңилдетүүгө багытталган жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кризиске каршы фондуна 10 триллион сум бөлүнөт (болжол менен 1,05 млрд. АКШ доллары), аны эл аралык насыя берүүчүлөрдөн алуу пландалууда. Фонддун каражаты жапа чеккен ишкерлерге, мамлекеттик компанияларга жардам берүүгө жана калкты социалдык жактан колдоогожумшалат. Андан сырткары, бизнес үчүн салыктык жана башка жеңилдиктер, анын ичинде кечиктирилген насыялар үчүн төлөнө турган айып пулдарды жана салыктык чегерүүлөрдү алып салуу каралды.

Жергиликтүү эксперттер ушул жагдайга байланыштуу, бир жагынан, өлкөдө экономикалык активдүүлүк төмөндөп бараткандыгын, экинчи жагынан, башка мамлекеттер менен экономикалык мамилелер начарлап кеткендигин белгилешүүдө.

Экономист Хаетхан Насреддинов CABAR.asiaга берген маегинде, Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун убагындагыдай кылып валюта рыногун катуу көзөмөлгө ала албайт деген пикирин билдирди.

«Мирзиёев финансы рыногундагы ачыктыкты талап кылган эл аралык насыя берүүчүлөр менен эсептешүүгө аргасыз. Демек, жакынкы келечекте улуттук валютанын курсу дүйнөлүк таасирлердин шартында олуттуу төмөндөшү мүмкүн. Өзбектер үчүн бул – товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр кымбаттайт дегенди билдирет”, — дейт Насреддинов.

Ошол эле учурда, ал кризис бир катар оң натыйжаларды берет деп эсептейт. Тактап айтканда, эксперт айыл чарбасын либералдаштырууну болжолдоодо.

«Фермер-экспорттоочулар пахта кулчулугунан көбүрөөк пайда алып, эркиндикке чыгышат. Карантин болсо электрондук сооданын жана маалыматтык технологиялар рыногунун өнүгүшүнө түрткү берет», – деген сунушун берди Насреддинов.

Тажикстан: мигранттар азаят. Валюталар дагы

Тажикстандын өкмөтү мүмкүн болгон тышкы тобокелдиктердин алдын алуу жана өлкөнүн экономикасына тийгизген таасирин азайтуу боюнча иш-чаралардын планын бекиткендигин Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги билдирди. Тактап айтканда, негизги керектүү товарлардын түрлөрүн өндүрүүнү көбөйтүү жана рынокту азык-түлүк менен камсыз кылуу чаралары каралган.

Ошондой эле макроэкономикалык туруктуулукту, мамлекеттик бюджеттин сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу жана анын каражаттарын натыйжалуу пайдалануу чаралары белгиленди.

Ошондой эле анда мамлекеттик жана тикелей инвестицияларды тартуу менен жаңы өнөр жай цехтерин жана ишканаларын куруу, ишке киргизүү, жерди натыйжалуу пайдалануу боюнча чаралар каралган.

Мекеменин отчетунда дүйнөлүк мунайга болгон баанын төмөндөшү, орус рублинин түшүшү жана коронавирус пандемиясынын жайылышы республиканын “соода өнөктөштөрүнө” таасирин тийгизгендиги айтылат.

Ошол эле учурда, министрлик олуттуу ички өндүрүш мүмкүнчүлүктөрү жана өлкөнүн экономикасына болгон тышкы тобокелдиктердин таасири астында республиканы ички продукция менен камсыз кылуу боюнча бийлик органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар бар экендигин жарыялады.

Кечээ жакында элеөкмөттүн өкүлдөрү эл аралык донорлор менен: ПРООНдун, Дүйнөлүк банктын, Азия Өнүктүрүү Банкынын, ЕККУнун, Тажикстандагы ЮСАИДдин өкүлдөрү менен иш-чаралардын аткарылышын талкуулашты.Донорлор учурдагы пландаштырылган иш-чараларды колдоого даяр экендигин билдиришти. Тактап айтканда, Дүйнөлүк банктын өкүлү тышкы тобокелдиктердин алдын алуу үчүн республикага 11,3 миллион АКШ доллары бөлүнө тургандыгын жарыялады.

Эксперттер республиканын экономикасы күткөн олуттуу кесепеттер жөнүндө айтып жатышат.

Бул жоготууну биринчи кезекте эмгек мигранттарынын кескин кыскаруусу жана өлкөгө кирген валюта көлөмүнүн төмөндөшү менен байланыштырышат.

Россия бардык чет элдик жарандар үчүн 1-майга чейин өз чек араларын убактылуу жапкандыгын жарыялады. Дал ушул мезгилде жүз миңдеген тажик мигранттары Россияга сезондук жумушка кетишет.

«Рублдин курсунун 30%га төмөндөшү доллардын эквивалентинде акча которуулардын көлөмүн төмөндөтөт», – деп CABAR.asiaгабилдирет атын атагысы келбеген тажик экономисти.

Анын айтымында, жаңы коронавирустун жайылышына каршы күрөштүн алкагында Россияда киргизилген чаралар көптөгөн тажик мигранттарынын жумушка бара албай калышына алып келет. Муну менен катар Россиядагы жумушсуздуктун көбөйүшүн болжолдоого болот, бул тажик жарандарынын абалын татаалдаштырат жана алардын көпчүлүгү кайтып келүүгө аргасыз болушат.

«Акча которуулардын азайышы мигранттардын үй-бүлөлөрүнө гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн экономикасына таасирин тийгизет. Өлкө иш жүзүндө валютасыз калат, анткени валюта агымынын 80% эмгек миграциясынын эсебинен камсыздалат. Чет өлкө валюталарынын кирешелеринин төмөндөшү товарлардын импортунун көлөмүнүн кескин төмөндөшүнө жана рыноктордо товарлардын тартыштыгына алып келет», – дейт экономист.

Ал Тажикстан ушул убакка чейин чийки заттарды гана экспорттоп, дээрлик бардык даяр продукциялар импорттолуп келгендигин баса белгилейт.

«Ириде жок дегенде зарыл товарларды жана продукцияларды өндүрүү боюнча ата мекендик ишканаларды жана цехтерди түзүү зарыл. Алынган валютаны биринчи кезекте күйүүчү май жана дан сатып алууга жөнөтүү керек», – деп сунуштайт экономист.

Ошондой эле, экономист ишкердик жигердүүлүктүн төмөндөшү, транспорттун, аэропорттун, туристтик агенттиктердин, мейманканалардын кирешелеринин төмөндөшү мүмкүн экендигин, ал бюджетке түшө турган салыктын төмөндөшүнө алып келе тургандыгын белгилейт.

«Мунун баары мамлекеттик кызматкерлерге эмгек акыны төлөөнүн кечеңдешине алып келиши мүмкүн, анткени өлкөнүн бюджетинин кирешелеринин 70%дан ашыгын салыктар түзөт», – дейт ал.

Байкоочу республикада жумушсуздуктун кескин өсүшүнө жана калктын сатып алуу жөндөмүнүн төмөндөшүнө байланыштуу социалдык чыңалууну жокко чыгарбайт.

«Бийликке ишенбеш керек. Көпчүлүк үчүн кырдаалдан чыгуунун жолу — айыл чарбасында иштеп, өздөрү үчүн кошумча нарк табуу болуп саналат», – дейт эксперт.

Атын атагысы келбеген Тажикстандын мурдагы жогорку даражалуу чиновниги, эгер өкмөт туура стратегияны тандаса, коронавирустан келтирилген зыянды азайтууга болот деди.

Ал өкмөт тарабынан иштелип чыккан кризиске каршы планды “абстрактуу каалоолордун топтому” деп атады.

Адис өкмөткө жол картасы менен конкреттүү чаралары бар документ иштеп чыгууну, анын аткарылышын бюджеттен камсыз кылууну сунуш кылат.

«Бирок, өкмөт тандап алган стратегияга карабастан, өлкөнү айрыкча, транспорт, чекене соода, кызмат көрсөтүү жана туризм, чакан жана орто бизнес сыяктуу тармактарда экономикалык төмөндөөкүтүп турат», – деп эсептейт ал.

Экс-чиновник келе жаткан кризистин кесепеттерин жоюу үчүн бир нече жыл талап кылынарын белгиледи.

«Себеби өндүрүш да шок болот, дүйнөлүк нарк чынжырлары үзүлүп, керектөө дагы шок болот, анткени кирешеси жок калк азыраак акча коротууга аракет кылат», – дейт ал.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты