​Австралияда 48 сааттын ичинде клеткадан коронавирусту жок кылган дары табылды деген маалымат чын. Бирок, клиникалык сыноолор аяктай элек (Фактчекинг)

Кээ бир ММКлар жана социалдык тармактардын колдонуучулары Автралияда коронавирусту 48 саатта клеткадан жок кыла турган дары табылганын жазып чыгышты. ПолитКлиника бул маалыматты текшерип көрдү.

Abal.kg сайты “Австралиянын Монаш Университетинин жана Мельбрундагы Королдун ооруканасынын окумуштуулары паразиттерге каршы ивермектин дарысы коронавирус SARS-CoV-2нин 48 саатта жогото турганын аныкташты. Алынган тыянак Antiviral Research басылмасына жарыяланды. Бул туралуу Известия кабарлады” деген маалыматын таратты.

Ал эми Kabar.kg маалыматтык агенттиги “Австралиянын Монаш университетинин (MU) адистери жана Доэрти Инфекциялар жана Иммунитет илимий институтунун адистери биргелешип жүргүзгөн изилдөө антипаразиттик ивермектин препаратынын коронавирусту дарылоодо эффективдүүлүгүн далилдеди. Бул тууралуу университеттин маалымат кызматы Antiviral Research журналында окумуштуулардын иши жөнүндө отчет жарыялангандыгын билдирди” деген маалымат берди.

Маалыматтарда айтылган Монаш университетинин сайтына кирип көргөнүбүздө, ал жакта антипаразиттик ивермектин препараты коронаврусту 48 сааттын ичинде өлтүрө аларын лабораториялык эксперименттер далидей алды деп билдирген:

“Монаш университетинин окумуштуулары дүйнө жүзүндө бар болгон антипаразиттик дарынынын 48 сааттын ичинде вирусту жок кыла аларын көрсөттү. Лабораторияда натыйжалуу экендиги аныкталганына карабастан, адамга коопсуз деңгээлде препараттын натыйжалуулугун тастыктоо үчүн, андан аркы сыноолор жана клиникалык сыноолор аяктаганга чейин, ивермектинди COVID-19ду дарылоо үчүн колдонууга болбойт. COVID-19 менен күрөшүү үчүн ивермектиндин потенциалы такталбаган бойдон калууда жана изилдөөнүн кийинки баскычтары каражаттан көз каранды” деп айтылат билдирүүдө.

Antiviral Research басылмасында ивермектин дарысы коронавирустун козгочууларынын ингибитору(тосуучу) экени айтылат:

“Бул жерде FDA(Food and Drug Administration) тарабынан бекитилген анти-паразиттик дары ивермектин, буга чейин кеңири спектрдеги вируска каршы активдүүлүгү бар экендигин көрсөтүп келген, Vero-hSLAM(Африкадагы жашыл маймылдын бөйрөк эпителий клеткалары) кошкондо вирусун ингибитору (SARS-CoV-2) экендигин билдирет. SARS-CoV-2 инфекциясын жугузгандан 2 сааттан кийин, клеткаларда 48 сааттан кийин вирустук РНК 5000 эсе азайган. Ошондуктан, ивермектиндин адамдар үчүн пайдасын андан ары изилдөө керек” деп билдирген.

Австралиянын саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтында Австралиянын саламаттыкты сактоо башкы комитетинин жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр боюнча 7-апрелдеги билдирүүсү жарыяланган:

“COVID-19ду дарылоо үчүн колдонула турган дарыларды колдоочу далилдердин саны чектелүү. COVID-19 дарылоосуна талапкер катары бир нече дары сунушталды. Учурда алардын натыйжалуулугун жана коопсуздугун текшерүү үчүн клиникалык сыноолор Австралияда да, эл аралык деңгээлде да жүрүп жатат” деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтык: Бул маалымат чын. Бирок, дарынын клиникалык изилдөөлөрү уланып жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты