Аба ырайы: Үшүк жүрүү коркунучу сакталат
- 4 года мурун
Кыргызстандын айрым жерлеринде үшүк жүрүү коркунучу 10-11-апрель күндөрү да сакталат.
10-апрелде бир катар аймактарда үшүк жүрүшү күтүлөт.
Абанын температурасы:
— Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында -3…-5°;
-Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -5…-7°;
-Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2°; тоо этектеринде -2…-4°;
-Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° болушу күтүлөт.
11-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк өрүктүн гүлдөгөн жана гүлдөп гүлү түшкөн бүчүрлөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторуна коркунуч алып келет.
9-апрелде жааган жана 10-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу ашууларда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сүрөт: Бишкек мэриясы.