Саламаттык сактоо министринин орун басары дайындалды
- 4 года мурун
Нурболот Үсөнбаев саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды.
Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.
Нурболот Үсөнбаев кесиби боюнча санитардык врач, саламаттык сактоо тармагынын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жаатында жооптуу кызматтарда иштеген.
Төлө Исаков саламаттык сактоо министринин орун басарлык кызматынан ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен бошотулду.
Муну бөлүшүү