18 жаштагы жигит баңгизат сатууга шектелип кармалды
- 2 месяца мурун
Бишкек шаарында 18 жаштагы жаран «Телеграм» аркылуу синтетикалык баңгизат сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирип, видеосун жарыялады.
Маалыматта айтылгандай, күч органдарына А» аттуу жаш жигит Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында “Телеграм” социалдык тармагы аркылуу синтетикалык баңгизаттарды таратуу менен алектенип жүрөт деген маалымат келип түшкөн.
Күч органдары тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөөнүн жыйынтыгында, 2006-жылы туулган А.А.М. аттуу жаран кармалган. Тинтүү иши жүргүзүлүп, кармалган жарандын кара барсеткасынан скотч менен оролгон 16 даана брикет табылган. Андан кийин ал баңгизаттарды кайсы жерге катып жатканын көрсөткөн.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык алынган заттар синтетикалык «Альфа — ПВП» баңгизаты болгон.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш-иши козголгон.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.
Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы