18-майдагы аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт

  • 4 недели мурун

Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 18-майда, түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоого жакын жана тоолуу аймактарында жаан жаай, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан жаашы күтүлбөйт.  

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерди 15-20 метрге чейин жетет.  

 Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 22…27;

Талас облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 21…26;

Баткен облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 22-27;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 23…28;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Бишкек шаарында түнкүсүн ала булут каптап турат, эртең менен жана күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 23…25 градус ысык болот.

18-19-майда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү тараткан.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт.

18-19-20-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 20…25°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11°, күндүз 19…24°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 11…16°, күндүз 21…26°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 3…8°, күндүз 15…20°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 15…20°, республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн 5…10°, күндүз 14…19°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 1…6° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатарын өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) эскертет.

18-19-майда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты