​Борбордук Азия: коронавирустун кесепетинен азык-түлүккө болгон баа кандай өзгөрүлүп жатат?

Бийликтин билдирүүлөрүнө карабастан, ар бир өлкө аймагында кайсы бир аталыштагы буюмду алып-сатарда баа маселеси жаралууда.

Бул макаланын түп нускасы Cabar.asia аналитикалык порталына жарык көрдү.

Казакстандын түндүк батышында жайгашкан Костанай шаарындагы бир жеке дүкөнгө кирип: «Кечириңиз, азык-түлүккө болгон баалар жогоруладыбы?», — деп сатуучудан сурап калдык.

«Кумшекерге болгон баа көтөрүлдү окшойт», — күмөн саноо менен сатуучу кесиптешине суроо узатты:

«Алия, кумшекерге болгон баа жогоруладыбы?».

«Биздин баа — 275 теңге (0,62 АКШ доллары)», – деп жооп берди кыз.

«Ал эми мурун канча турчу эле?», – деп мен кызыктым…

«195 (0,44 АКШ доллары) болчу. Баасы эки эсеге өстү, бирок бизден да кымбатыраак саткан жерлер бар», — деп жооп берди сатуучу.

«Эмнеге мындай?», — деп себебин билгим келди.

«Чегараны жаап салбадыбы, анан калса бул вирус. Эл буга чейин келип азык-түлүктүн баарын сатып ала баштаган. Алар продукцияга болгон суроо-талапты жаратты. Ошондуктан талап көп болгон товарлардын баасы да жогорулады», — деди Алия.

«Силердин шаарда гречка жакшы өтөт окшойт ээ? Мурун 300дөн (0,7 АКШ доллары) ашыгыраакка сатып алсам, азыр 500дүн (1,1 АКШ доллары) тегереги болуптур», — деп белгиледим.

«Гречканын баасы сарымсак сыяктуу дагы да жогорулайт», — деп жооп берди сатуучу.

Үч күн мурун ушул эле дүкөндө сарымсактын баасы 2000 теңге (4,5 АКШ доллары) болчу, ал эми бүгүн болсо 2700 теңге (6,08 АКШ доллары) турат.

«Бааларды биз көтөргөн жокпуз, бизге алып келип бергендер асмандатып жатышат. Дагы да жогорулайт», — деп сатуучу божомолдоодо.

Photo: CABAR.asia

Азык-түлүккө болгон баалар Казакстандын бардык жеринде жогорулоодо. Коронавирус пандемиясынан пайда болгон ажиотаж жана негизги керек делген товарларга болуп көрбөгөндөй суроо-талап бул азыктардын баасын көтөрдү. Эң кызыгы, импорттук дагы жана атамекендик өндүрүштөгү товарлардын баары кымбаттоодо.

Актөбөдө картошка, Костанайда — кумшекер, Таразда — ун, ал эми Петропавловдо сүт азыктары кымбаттады. Бул кымбаттоолордун баары, жетекчилердин айтымында, баалар алардын көзөмөлүндө деген учурда болуп жатат.

Казакстанда 15-марттан тарта коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу өзгөчө абал режими киргизилген.
Коомдук жайларда кандайдыр бир иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынып, соода-сатык жана көңүл ачуучу жайлардын баары жабылган.

Өлкө бийлиги казакстандыктардан азык-түлүктүн кымбатташына алып келген ажиотажды – ызы-чууну жаратпоону суранган. Бирок элдин бир бөлүгү азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга шашылышкан.

«Эл кезек күтүп сатып алууда, мындай кылуу зарыл эмес болчу. Алар өздөрү бул кыймылы менен баанын өсүшүнө себепкер болушууда. Бул кадимки эле базардын шарттары – суроо-талап канчалык жогору болгон сайын сунуш көбөйөт. Ал эми сунуш болгондон кийин жеткирип берүүчүлөр бул жерден акча табуу пайдасын көрүшөт», — деген Алматыдагы Ишкерлик жана инвестициялар башкармалыгынын башчысы Еркебулан Оразалин Tengrinews’ка берген маегинде.

Азык-түлүккө болгон суроо-талап Казакстандын бардык шаарларында байкалган. Костанайда жашаган Гүлмиранын айтымында, эл жапырт азык-түлүктү дүңүнөн сатып алышкан.

«Эл бир канча араба толтура азыктарды сатып алып дүкөндөрдөн чыгып бараткандарын көргөм. Эмнеге мындай кылуу керек, түшүнбөйм. Эми болсо баары кымбаттап кетти», — деп нааразы болгон казакстандык аял.

Инфляция өсүүдө

16-мартта Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев “Экономиканы турукташтыруу боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул жарлыкка ылайык, өкмөт азык-түлүккө жана башка товарларга болгон бааны чектөөгө, ошондой эле импорттоо менен экспорттоо тартибин аныктоого укуктуу.

22-марттан тартып, өлкөдөгү өзгөчө абал учурунда эң маанилүү делген товарларга, мисалы, гречка, ун, кумшекер, картошка, сабиз, шалгам, кызылча, пияз, капуста, күн карама үрөндөрү жана күн карама майын сыртка ташууга тыюу салган. Бирок өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чараларга карабастан, азык-түлүккө болгон баа баары бир жогорулаган.

Прикладдык экономиканы изилдөө борборунун баасына ылайык, Казакстанда жылдык инфляциянын деңгээли жылдын акырына карата азыркы 6% дан 8,1-9,0% га чейин жогорулашы мүмкүн. Башкача айтканда, Улуттук банк койгон максаттан 4-6% жогору болушу мүмкүн. Ошол эле учурда, инфляциянын өсүшүнө теңгенин АКШ долларына карата 15% нарксызданышы жана импорттун баасынын көтөрүлүшү себеп болот деп белгилейт аталган борбордун башкаруучу директору Олжас Тулеуов.








Олжас Тулеуов. Сүрөт Facebook’тагы жеке баракчасынан алынды

Анын айтымында, Казакстанда азык-түлүк товарларын керектөөдө импорттун үлүшү болжол менен 25%, ал эми башка товарлар 60%дан жогоруну түзөт.

«Ошол эле учурда, керектөө инфляциясынын кыйла жигердүү өсүшүнө тоскоол болгон факторлор болуп: энергия ташыгычтардын баасынын төмөндөшү, калктын реалдуу акчалай кирешелеринин басаңдашы жана карантинге байланыштуу жалпы суроо-талаптын төмөндөшү, ошондой эле социалдык мааниге ээ бааларды мамлекеттин көзөмөлдөөсү сыяктуу факторлор эсептелет”, — деди Тулеуов.

Анын айтымында, жалпысынан азык-түлүккө болгон баалардын өсүшүнө казакстандыктардын соода жайларындагы ажиотажы себеп болгон. Ал эми бул ажиотаж Казакстанда коронавирус инфекциясынан улам пайда болгон. Ушуга байланыштуу айрым азык-түлүк товарлары чектелген көлөмдө сатылууда, анткени өзгөчө абал учурунда бул азыктарды баарына жеткирүү жетишсиз болуп калышы ыктымал.

Кыргызстан: «Азык-түлүк үчүн тынчсызданууга негиз жок»

Кыргызстанда болсо азык-түлүккө болгон ажиотаж мамлекет өлкөгө өзгөчө абал режимин киргизип, баарын үйдөн чыкпоого үндөгөн кайрылуудан кийин гана тынчыды.

Коронавирус жуктуруп алыптыр деген биринчи кабарларды укканда эле эл дүкөндөргө барып араба толтура азык, мүшөктөп ун ала башташкан.







Садир Шерматов. Photo: CABAR.asia

Баткен шаарынын жашоочусу Садир Шерматов акыркы күндөрү базардагы бааларга көз салууда. Анын айтымында, баарынан да ундун баасы өсүп жатканын, ал эми кээ бир дүкөндөрдө такыр эле жок экенин билдирет.

«Бүгүн базарга бардым. Азык-түлүккө болгон баалар жогорулаган, ун болсо калбаптыр. Эл унду жогорулаган баада сатып алганга да даяр, бирок абдан эле курч тартыштык бар экени сезилет. Ошондой эле өсүмдүк майы, макарон, картошка, пияз жана башка тамак-аш азыктары дагы кымбаттады», — дейт Шерматов.


Photo: CABAR.asia

Соодагер Абдыганы Пакыровдун айтымында, ундун запасы жетиштүү эле болгон, бирок эл дээрлик бир-эки күндүн ичинде баарын сатып алышкан. Ал эми учурда биринчи сорттогу ундун килограммы 35 сом (0,44 АКШ доллары), жогорку сорт 40 сомду (0,5 АКШ доллары) түзөт.






Абдыганы Пакыров. Photo: CABAR.asia

«Ун арбын болчу, контейнер толтура. Бирок элге чегара жабылат деген жаңылык тарары менен, алар эки күндөн ичинде эле талап кетишти. Азыр менде ун калган жок. Оштон алып келели дегенбиз, бирок, өкүнүчтүүсү, ал жакта да ун тартыш экен», — деди Пакыров.

Товарлардын тартыштыгын алдын алуу үчүн Кыргыз Өкмөтү азык-түлүккө болгон бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизди. Өлкөнүн ар бир аймагы үчүн керектүү делген товарларга — ун, кумшекер, нан, жумуртка, сүт, эт, күрүч ж.б. максималдуу баалар белгиленген.

Айыл өкмөтүнүн жана Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү базарларды кыдырып, бааларга мониторинг жүргүзүүдө. Финансы полициясы дагы жумушчу топ түзүп, алар күнү-түнү баалар көтөрүлүп жатат деген чакырыктарга барып, жеринен маселени чечүүдө.

Маалыматта кээ бир атайылап бааны көтөрүп жаткан ишкерлерге сотко чейинки өндүрүш иштери ачылганы айтылат.

«Баткендеги базарда баалар туруктуу. Бишкек менен Ошто байкалгандай, бизде эл дүрбөлөнгө алдырышкан жок. Азык-түлүк бардык эле соода түйүндөрүндө сатылууда», — дейт Эмил Мажитов, Баткен облусундагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлү.

Photo: CABAR.asia

Аймактык мамлекеттик кызматкерлердин айтымында, коронавирус пандемиясына байланыштуу аймактагы ири соода түйүндөр, азык-түлүк жана мал базарлары жабылган. Эл жакын жайгашкан дүкөндөрдөн керектүүлөрүн сатып алууда, ал жакта да азык-түлүккө болгон баанын жогорулаганы байкалат.

Мисалы, январь жана февраль айында бир литр өсүмдүк майы 80 сом турса (1 АКШ доллары), азыр болсо 100 сом (1,25 АКШ доллары), бир килограмм этти бир ай мурун 330 сомго (4,14 АКШ доллары) сатышса, ал эми учурда 350 сомдон (4,4 АКШ доллары) сатылууда. Картошка, сабиз жана пиязды 25 сомдон 35 сомго чейин баалашууда (0,31-0,44 АКШ доллары).

Өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлү Алишер Абдрахманов жеке ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтып, баасы өсүп кеткен унду ар бир айыл өкмөтүнө жана райондук борборго жеткирип жатканын билдирди.

Анын айтымында, баалардын жогорулашына доллардын наркынын көбөйүшү да себеп, бирок жөн жерден бааны көтөрүп алган соодагерлерге мыйзамга тиешелүү чараларды көрүлөт.

«Азык-түлүккө болгон баанын туруктуу өсүшү байкалган жок. Коронавирустун айынан бардык жолдор жабылгандыгына карабастан, азык-түлүктү өткөрүүгө эч кандай жолтоо болгон жок. Андыктан тамак-ашка керектелчү азык тууралуу тынчсызданууга негиз жок”, — деди Абдрахманов.

16-марттагы брифингде Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдө товарлар жетиштүү деген, ал эми бюджеттен 400 млн. сом (5 млн. АКШ долларынын тегереги) ун жана буудайга бөлүнгөнүн билдирген. Дагы ушундай суммадагы акчаны коммерциялык банктар бөлүп берген.

«800 миллиону ун менен буудайдын импортуна сарпталат. Мындан сырткары, Материалдык резервдер фондунда 600 миң тонна ун жана буудай бар. Булардын баарын жетишпей жаткан жактарга жеткиребиз. Алар ал жактын базарларында биз койгон баада сатылат», — деген Абылгазиев (цитата kloop.kg алынган).

Тажикстандагы абал

Тажикстандык ишкерлер баалардын көтөрүлүшүн сомонинин наркы төмөн түшүп кетиши жана коронавирустун айынан чектөө киргенине байланыштуу импорттун кыскарышы менен байланыштырат. Сатып алуучулар баалардын жогорулашы байкалганын белгилешет.

Борбордогу «Саховат» базарынын сатуучусу Абдурахим Мавлонов CABAR.asia порталынабилдиргенине караганда,марттын башында суроо-талаптын айынан унга болгон баалар өсүп кеткен. Бирок, анын айтымында, учурда абал туруктуу. Мисалы, базарда казакстандык 1-сорттогу бир мүшөк ун 190-210 сомонинин тегереги (болжол менен 19-21 АКШ доллары).

Шаардыктар болсо кээ бир азык-түлүктүн баалары жогорулаганын айтышты.

Фото CABAR.asia

Анын айтымында, болжол менен ушул эле баалар коронавирус ызы-чуусуна чейин эле болгон.

Мавлонов ишкерлер запастарын сатып жатканда баалар көтөрүлбөйт деп ишендирет.

«Бирок ишкерлер товарларды доллардын жаңы курсу менен алып келгенде баалар өсүп кетиши мүмкүн», — деди Мавлонов.

Ал эми Душанбеде жашаган Муслим Каримова акыркы учурда картошка, гречка, кумшекер жана унга болгон баалар бир аз өскөнүн айтат.

«Бир бутам сарымсакка болгон бааны да 5 сомониге көтөрүп салышыптыр. Бул бетпактык бардык чектен ашып кетти», – деп нааразы ал.

2020-жылдын 4-мартында Тажикстанда коронавирустун жайылышы мүмкүн деген имиштерден кийин, борбор калаанын тургундары азык-түлүк сатып алууга шашылышкан. Бул баалардын өсүшүнө, биринчи кезекте унга болгон баанын жогорулашына алып келген.

Коронавирус тарады деген имиштерден улам Душанбе шаарынын тургундары да тамак-аш сатып алууга шашылган.

5-мартта Тажикстан өкмөтүнө караштуу монополияга каршы кызматы баанын көтөрүлүшүнө «жалган ушактар» себеп болгонун жана «өлкөнүн базарларында азык-түлүктүн запасы жетиштүү» деп билдирүү тараткан. 6-мартта болсо Ички иштер министрлиги өзүнүн расмий сайтында «айрым топтордун коронавирус жөнүндөгү ушактары негизсиз экенин жана министрлик бул адамдарды таап, камакка алуу үчүн бардык чараларды көрүп жатканын” билдирген.

Тажикстандык экономист Абдуманнон Шералиевдин айтымында, мындай жагдайда базарларда баанын жогорулашы сомони менен рублдин наркынын түшүшү менен байланыштуу. Ал белгилегендей, рублдин нарксызданышы Россиядан Тажикстанга акча которуулар көлөмүнүн долларлык шарттарынын төмөндөшүнө алып келген.








Абдуманнон Шералиев. Сүрөт Facebook’тагы жеке баракчасынан алынды

«Жакынкы арада акча которуулардын көлөмү калыбына келет деген үмүт да жок. Тескеринче, талдоо көрсөткөндөй, эки айдай абал оорлойт», — дейт экономист, Россиядагы ишкердүүлүктүн төмөндөшүнө көңүл буруп.

Шералиевдин айтымында, бийлик баалардын өсүшүн азайтуу үчүн жалпы салык өргүүсүн жарыялашы керек.

Дагы бир тажик экономисти Собир Вазиров инфляцияны кармоо кыйын болуп калат деп эсептейт. Ошол эле учурда, ал мамлекеттик бааларды «негизсиз» контролдоого каршы чыккан.

«Тажикстандын көп жылдык тажрыйбасы көрсөткөндөй, базар мамилесине өкмөттүн кийлигишүүсү жана товарлардын бааларына негизсиз көзөмөл жүргүзүү терс таасирин тийгизиши мүмкүн», — деген Вазиров.

Өзбек бийлиги дүрбөлөңгө түшпөөгө үндөйт

COVID-19 эпидемиясына байланыштуу азык-түлүк рыногу, башка бизнес сыяктуу эле,күтүү позициясын карманды. Биринчи коронавирусту жуктуруп алган жана карантин киргизилгенден кийин бардык соода-сатык жайларындакардарлардын болуп көрбөгөндөй агымы пайда болду. Текчелерде антисептиктер, кант, дан өсүмдүктөрү жана гигиена каражаттары калбай калды. Ал эми дарыканаларда медициналык бет каптар табылган жок.

Базарда болсо күнүмдүк эң керектүү делген товарлардын баасы жогорулады. Мамлекеттик салык комитети мекендештерин дүрбөлөңгө түшпөөгө үндөп, өлкө мындан да кыйын абалга кептелсе да азык-түлүк жетиштүү экенине ынандырды.

Фото: CABAR.asia

Буга чейин бир жума ичинде салык кызматкерлери Өзбекстандагы чекене баалардын негизсиз өсүшүнө байланыштуу 1635 арызды кабыл алышкан. Арызда адамдар негизинен картошкага, унга жана өсүмдүк майына болгон баанын өсүшүнө нааразы болушкан.

Бүгүнкү күндө керектүү товарлар бардык аймактарда жеткиликтүү. Баанын олуттуу өсүшү байкалбайт. Баалардын кескин өзгөрүшү мезгилдик факторлорго байланыштуу.

Базардагы бааларды ар дайым көзөмөлдөп туруу үчүн Салык органдары жана Башкы прокуратуранын алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери атайын штаб түзгөн.

Эксперттердин баамында, баалардын сөзсүз көтөрүлүшү айрым социалдык маанилүү товарларга таасирин тийгизбеши мүмкүн. Бул картошка, макарон, жумуртка жана сүт болушу мүмкүн.

Ташкентте болсо эттин баасы жогорулаганы байкалууда

Эттин абалы татаалыраак. Бир жыл бою уйдун, койдун жана канаттуулардын этинин баасы жогорулап жатканы байкалган. Буга чейин Өзбекстан этти Казакстандан алчу, бирок суроо-талап ушунчалык жогору болгондуктан, Казакстандын өз эли жабыр тарткан. Натыйжада, Нур-Султан бодо малдын экспортуна тыюу салган.

Бүгүн бир килограмм уйдун эти Өзбекстанда 50 миң сум (5,5 АКШ доллары) турса, тооктун эти суроо-талап жогору болгондуктан 30 миң сумга (3 АКШ доллары) өстү. Эгерде өкмөт бааны көзөмөлдөбөсө, этке болгон баалардын өсүү тенденциясы улана бериши мүмкүн.

Экономист Хаетхан Насреддиновдун айтымында, туруктуу баа — бул биринчи кезекте туруктуу доллар. Карантин учурунда Өзбекстанда доллардын баасы коңшу Казакстан менен Кыргызстанга салыштырмалуу дээрлик жогорулаган жок. “Көпкө сумдун наркын кармап туруу мүмкүн эмес, ал өзгөрүлмө болуп калат. Ошондо баалар көтөрүлүшү мүмкүн», — деди Насреддинов.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты