Covid-19: Бейтаптын бири жасалма дем алдырууга өттү
- 5 лет мурун
- Баяндар
Бардыгы болуп республика боюнча 107 тастыкталган учур бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов маалымат жыйынында билдирди.
- Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.
- Үч бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Эки жарандын абалы орточо оор, бир жаран жасалма дем алдырууга кошулду.
- Акыркы эки күндө 23 (10+13) учур аныкталды, алардын ичинен 4 сырттан келгендер. Калган 19у чет өлкөдөн келгендер менен байланышта болгондор, тагыраак айтканда жергиликтүү (ички) жуктуруу.
- Инфекция жуктурган 19 ички учурдун арасында 14 жашка чейинки 4 бала бар. 15 учур 5 үй-бүлөлүк очокто жугузган.
- Обсервацияга 1592 киши жайгаштырылды.
- Жалпысынан башынан тартып 5638 киши жайгаштырылган, үйдөн байкоого 3870 киши чыгарылды.
- COVID-19 вирусу лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 5 771 (эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө байланышта болгондордун саны өзгөрүшү ыктымал);
- анын ичинде:
- I категориядагы байланышта болгон жактар (жакындар жана үй-бүлөлүк байланыштар) – 1561
- II категориядагы байланышта болгон жактар (башкалар) – 4210.
31-мартта Кыргызстанда коронавирустун жаңы 13 учуру катталып, дартка чалдыккандардын жалпы саны 107 ге жетти.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!