Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсонго коронавирус жукту
- 4 года мурун
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсонго коронавирус жукканын Би-Би-Си радиосу билдирди.
Бул тууралуу Жонсон өзү айткан.
Айтымында, ал коронавирустун жеңил түрүнө кабылды жана Даунинг-стриттеги резиденциясында, болуп өкмөттү аралыктан башкарып жатканы айтылды.
Дүйнөдө 27-мартта коронавируска чалдыккан 531 860 учур катталды. Каза тапкандардын саны 24 057 ге жетти. Айыккандардын саны 122 203 болду.
27-мартта Улуу Британияда коронавируска чалдыккандардын саны 11 816 болду.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү