​Атайын кызмат телефондук чалууларды тыңшап жатабы? (ФАКТЧЕКИНГ)

WhatsApp топтордо Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдар киргизилгенден тартып бардык жарандардын телефондук сүйлөшүүлөрү, билдирүүлөрү, социалдык тармактарда жазган постторунан бери атайын кызматтар тарабынан текшерилип, тыңшалып турат экен деген маалыматтар тарап жатат.

“Внимание! Начиная с завтрашнего дня появляются новые правила коммуникации. Все вызовы будут записаны. Все записи телефонных звонков записываются. Все сообщения и звонки от Whatsapp записываются. Мониторинг Twitter. Мониторинг Facebook. Мониторинг Все социальные сети и форумы. Сообщите тем, кто не знает. Все устройства подключены к ведомственным системам службы прослушки и правительства и правительства CDMX. Будьте осторожны, чтобы не отправлять ненужные сообщения или информацию, противоречащие законам и морали. Избегайте говорить конфиденциальную информацию своим друзьям и родственникам. Расскажите своим детям и будьте очень осторожны! Очень важно передать это сообщение только сегодня. Потому что с завтрашнего дня в стране уже есть другая форма наблюдения. Невероятно, но верно. Просто отправьте его сегодня всем своим близким и друзьям. «Все, что вы пишете или говорите, может быть использовано против вас, даже любая шутка! Штраф 50,000сом” деп жазылат билдирүүдө.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Дал ушул текстти Google аркылуу издеп көрсөк, мындан эки жыл мурунку жазуулардан табылды.

2017-жылы Орусиянын мессенджерлериндеги группаларда, Одноклассники социалдык тармагында пайда болгон. Ал маалымат Орус думасынын төрагасынын орун басары Ирина Ярова антитеррористтик багыттагы мыйзам долбооруна байланыштуу тараган. Орусиянын активисттери бул маалымат чындыкка туура келбей турганын ошондо эле далилдешкен.

Биринчиден, бул маалыматты тараткан адамдын аты-жөнү, же мекеменин аты көрсөтүлгөн эмес. Экинчиден, ар бир жарандын жазган, сүйлөшкөнүн тыңшоо, аларды мониторинг жасоо үчүн канча адам катышуусу керек, бул физикалык жактан мүмкүн эмес.

Экинчиден, Кыргызстанда гана эмес дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө дагы CDMX деген тыңдоочу система жок. Ал эми Кыргызстанда болсо соттун чечими менен гана СОРМ системасы аркылуу тыңдоо жүргүзүлөт.

ЖЫЙЫНТЫК: Бул — ФЕЙК

Кайсы бир маалыматты мессенджерлерден таратуудан мурда төмөнкүлөргө көңул буруңуз:

  • Бул билдирүүнү айтып жаткан булак көрсөтүлгөнбү? Мисалы, адамдын аты-жөнү, ээлеген кызматы, же мамлекеттик мекеменин аты ж.б.
  • Ар бир маалыматка дароо ишенбей, сын көз караш менен караңыз.
  • Маалыматтарды расмий булактардан тактаңыз! Азыркы учурда коронавирус боюнча таратылган маалыматтардын чын төгүнүн билүү үчүн COVID-19: Республикалык штабынын 112 түз линия аркылуу тактоого болот.
  • Сиз чын-төгүнүн билгиңиз келген маалыматтарды биздин Фейсбуктагы Полит Клиника баракчабызга, же +996773778957 WhatsApp номерине жөнөтсөңүз, биз текшерип, жарыялайбыз.

Өлкөдөгү коронавируска байланышкан кырдаалда, айрыкча, бул фейк маалыматтарды таратуу күчөп жатканын Ички иштер министрлиги кабарлады. 21-марттан тартып бир сутканын ичинде жалган маалымат тараткан 15 факты катталган.

“21-марттан тартып бир сутканын ичинде фейк маалымат тараткан 15 факты катталган. Атайын жалган маалымат тараткандар Кылмыш жаза кодексинин 344-беренеси менен жоопко тартылат”, — деп билдирди Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты