Ысык-Көл облусунда 5 баллга жетип жер титиреди
- 4 года мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 20-мартта саат 06:49да Кыргыз Республикасында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Саз, Кажы-Сай, Туура-Суу айылдарында 5 балл, Төрт-Күл, Темир-Канат, Эшперов, Көк-Сай, Ак-Сай айылдарында 4 балл, Коңур-Өлөң, Тогуз-Булак, Каро-Коо, Бар-Булак айылдарында 3 балл жана Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак, Барскоон айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
19-мартта саат 20:56да Тажикстандын аймагында очогунда күчү беш баллга жеткен жер титирөө катталып, Кыргызстандын Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Ачык-Суу жана Дароот-Коргон айылдарында үч баллга чейин сезилди.