Лейлектин акиминин эжеси акча опузалоого шектелип кармалды

  • 4 года мурун

Баткен облусунун Лейлек районунда митингдерди токтотом деп акча талап кылууга шектелген аял кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Дамира Юсупова билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Рават айылынын 37 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2020-жылдын 6-февралында телефон аркылуу өзүн чек ара коомунун төрайымы боломун деп тааныштырган Ы. аттуу аял “Бардык митингдерди токтотомун” деп 40 миң сом талап кылганын билдирген.

Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында Баткен шаарындагы кафелердин биринен 10 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Бул факт Баткен облустук ички иштер бөлүмүнун кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине жазык кодексинин 203-беренеси (опузалап талап кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Бул фактынын негизинде тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жеке булактардын маалыматына караганда, акча опузалап кармалган аял Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовдун эжеси Ыргалай Бекмуратова. Ал “Мээр жазы” коомдук уюмунун жетекчиси болуп иштейт.

Ыргалай Бекмуратова 10-мартта Бишкекте өткөн змбулукка каршы акцияга каршы чыккандардын бири.

Сүрөттө: Ыргалай Бекмуратова.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты