Умбриель Темиралиев: Сомдун курсунун өсүшү: Эмне кылуу керек?
- 5 лет мурун
- Баяндар
Финансы эксперти, “Тредстоун Капитал Партнерс» компаниясынын жетекчиси Умбриэль Темиралиев доллардын курсунун өсүшү жана алдыда эмнелер күтүп жатканы, эмне кылуу керектиги тууралуу ой бөлүшөт.
Ийри соода балансы
— Биздин экономикабыз аз өндүрүп чыгарат, бирок башка өлкөлөрдөн көп нерсени сатып алат, б.а. керектөөнү гана билет, бирок өзү өндүрүп чыгарбайт.
Бизге доллар көп өлчөмдө керек, себеби кытай товарлары жана Россиянын күйүүчү-майлоочу майлары доллар менен сатылат (учурда соода балансынын таңсыктыгы 3 млрд АКШ доллары).
Доллар кайдан келет?
— Кыргызстан көз карандысыздыкка жетишкенден бери биз долларды реэкспорттоодон жана башка схемалардан тапкан өлкөгө айландык. Бир нече жыл мурун ал терезе жабылып калды.
Андан кийин өлкө инфраструктураны өнүктүрүүгө жана бюджеттеги жыртык-тешиктерди жабууга чет өлкөлөрдөн ири кредит жана гранттарды алды. Биз тышкы карыз боюнча ички дүң продукциянын чегине жеткенде, ал терезе да жабылды.
Өлкөгө доллар алып кирүүнүн жалгыз жакшы жолу-экспорт болуп саналат. Бирок экспорт ар дайым аксап келген жана бутуна тура албай жатат.
Валюта алыш үчүн сыртка саткан туруктуу нерсебиз (алтындан башка) бул текстиль жана айыл чарба продукциясы болуп эсептелет (чийки жана иштетилген). Бирок экспорттун бул түрү кенен арыштап өсүп кетпейт.
Мигранттар
— Мигранттар Кыргызстандын экономикасындагы доллардын ички суроо-талабын жана керектөөсүн калыптандырып турган негизги жана туруктуу булагы болуп саналат.
Мигранттар өлкөдөгү доллар таңсыктыгын жылына жаап турушат. Бул үчүн аларга алкыш айтсак болот.
Быйылкы жылы мигранттардын Россиядан акча которууларынын азайышын божомолдоого болот, себеби андагы кызматкерлердин кирешеси азайып, баалар көтөрүлүлүшү ыктымал.
Тилекке каршы, баалар айлык акыдан биринчи өсүп, анын натыйжасында өлкөгө акча которуу азаят деп божомолдоого болот.
Ошентсе да, Кыргызстандын мындай өзгөчөлүгү (мигранттардын акчасынан көз карандылыгы) экономиканы акырындап өлтүрүп жатат. Бул тууралуу мурун жазгам.
Сомдун курсу улуттук банктын албан аракети менен туруктуу кармалууда. Ошентсе да, өтө чоң соода таңсыктыгын эске алганда, барган сайын доллардын курсун кармап туруу кыйын болууда.
Эмнени күтүүгө болот?
1. Сомго абдан чоң басым болуп, алдыдагы келечекте ал акырындап төмөндөй бериши ыктымал.
2. Сомдун курсу мурдагы 69,9 га келиши күмөн, азыркы деңгээлде кармалып турат.
3. Сом тездик менен түшө койбойт, дүрбөлөң түшүүгө негиз жок.
Эмне кылуу керек?
— Экспорт стратегиясын карап чыгып, алгылыктуу багытты аныктап алыш керек, бардык күчтү кыргыз продукцияларын экспортко чыгарууга жумшаш керек (көптөгөн иш-чаралар бар).
Баарына тегиз чуркай берүүнүн кажети жок, экспортко чыгарыла турган продукциянын тизмесин жана сатууну аныктап алуу керек.
2. Ишкерлерге жеңилдетилген (ломбарддагыдай эмес) каржылоо сунушташ керек, плюс долбоорлук каржылоону улантыш керек, РСК банкты Эксим банкка айландырыш керек.
3. Дыйкандарды жана фермерлерди көп өлчөмдөгү бир түрдүү продукция чыгарууга биригүүгө шыктандырыш керек. Биригүү бир сезонго эмес, 5-10 жылкыга алдын ала болуш керек, плюс жапырт сертификатташтыруу боюнча (хасп. исо, органика ж.б.) программаларды иштеп чыгуу керек.
4. Инфраструктура түзүү: эл аралык стандарттарга жооп берген айыл чарба жана мал чарба лабораториялары, текстиль технопарктары (бир жерде) жогорку технология паркы-ПВТ парктары түзүлүшү керек.
5. Дагы өзүнчө бөлүп жаза турган 10 пункт бар.
6. Доллар менен кредит алган, доллардын өсүшүнөн чыгаша болуп жаткан ишкерлерге коммерциялык банктар тилектештик жоопкерчиликте болуп, ишкерлер менен бирге курстук айырмачылыктарды көтөрүш керек.
7. Эң негизгиси: улуттук банкка интервенциянын көлөмүн азайтууга мүмкүнчүлүк бериш керек, сомдун курсу өлкөдөгү чыныгы абалга жана негизги соода өнөктөштөрдүн валютасына шайкеш болгондой болсун.
Умбриель Темиралиев, финансы эксперти, “Тредстоун Капитал Партнерс» компаниясынын жетекчиси