Аба ырайы өзгөрүшү ыктымал

  • 4 года мурун

10-12-февралда Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт.

Бул тууралуу синоптиктердин маалыматына таянып, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

10-февралда түнкүсүн өрөөндөрдө жаан жаап, күндүз жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-12-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

10-11-12-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөйт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты