Мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт

  • 5 лет мурун

31-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаайт.

Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда катуу жаан күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 , айрым убакта 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облустарында- түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад обустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7;

Ысык-Көлд облусунда —түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -8…-13 градус болот.

Бишкекте жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3°, күндүз 2…4 градус болот.

1-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

2-3-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы бир аз жогорулайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты