Фарид Ниязов 2020-жылдын 9-февралына чейин абакта калтырылды
- 5 лет мурун
Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду 2020-жылдын 9-февралына чейин СИЗО-1 абагында калтыруу чечими чыкты.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кечээ, 28-ноябрда, Ниязовдун баш коргоо чарасын карап, чечим чыгарды.
Ошондой эле активисттер Кыяс Смаилов менен Амантур Жамгырчиев да СИЗО-1 абагында калтырылды.
Бул тууралуу КСДП төрагасынын орун басары Жолдубаева билдирди.
Фарид Ниязовду ИИМ башкы тергөө башкармалыгы 7-августта Кой-Ташта атайын отряд жоокерлерин барымтага алуу фактысы боюнча айыпка шектүү деп тапкан.
Муну бөлүшүү