​Абылгазиев: «Бажыдагы коррупция боюнча иликтөө тууралуу унчукпай койгонубуз туура эмес болуп калат»

Бажыдагы коррупция боюнча депутаттык комиссия ишине жардам бере турганын премьер-министр Абылгазиев Жогорку Кеңеште республикалык бюджеттин долбоору каралып жатканда билдирди.

«Коомчулук арасында кызуу талкуу жараткан «Азаттык», Kloop, OCCRP журналисттеринин өлкө аймагынан мыйзамсыз чыгарылып кеткен 700 млн доллар көлөмүндөгү каражаттын дайыны боюнча иликтөөсү тууралуу унчукпай койгонубуз туура эмес болуп калат. Азыркы учурда курамы укук коргоо органдарынан турган мекемелер аралык топ түзүлүп, журналисттердин иликтөөсү боюнча текшерүү амалдарын жүргүзө баштады» деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр бажы тармагында орун алган коррупциялык көрүнүштөргө каршы пикирин айтып жаткан коомчулук менен эл өкүлдөрүнүн пикирин колдой турганын билдирди.

Өкмөт Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишине жакындан жардам берип, бул багытта биргелешип иш алпарууга даяр экенин баса белгиледи.

«Экономиканын өнүгүшүнө бөгөт болгон мындай терс жосундарга каршы биргелешип күрөш жүргүзүшүбүз керек» деп, ал депутаттарды сунушталган бюджет долбоорлорун колдоп берүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын бюджети тууралуу маселе каралууда.

«Азаттык» , «Клооп» порталы жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору» ( (OCCRP) долбоору Кыргызстандагы шектүү акчаны адалдоо схемасы кантип иштеп келгенин, бажы тармагында айланган миллиондор, Райым Матраимов жана Түркияда өлтүрүлгөн Саймаитинин таржымалы тууралуу биргелешкен иликтөө жарыялаган.

25-ноябрда, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында #REакция жарандык акциясы өттү.

Катышуучулар «Райым камалсын!», «Уурулардын орду — түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформа жүргүзүлсүн!» деген талаптарды койду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты