Жапырт мушташ катышуучулары аныкталды
- 5 лет мурун
Бишкек шаарынын “Чыгыш-5” кичирайонунда болгон жапырт мушташтын катышуучуларын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы аныктады.
Бул тууралуу ИИБ басма сөз кызматы билдирди.
“Роял” караоке-клубундагы жапырт мушташтын катышуучулары булар:
- Р.Н. 2001-жылы туулган, Жалал-Абад облусунда туулган;
- Н.Р. 2000- жылы туулган, Жалал-Абад облусунда туулган;
- А.Б. 2001- жылы туулган, Бишкек шаарында туулган;
- Б.Б. 2001- жылы туулган, Бишкекте туулган;
- . Ж.Б. 1998-жылы туулган, Нарын облусунда туулган;
- У.К. 1997 –жылы туулган, Нарын облусунда туулган ;
- Э.Н. 2001- жылы туулган, Жалал-Абад облусунда туулган;
- Т.А. 2001-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун тургуну.
Учурда Бишкек ИИБ тарабынан сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
“Чыгыш-5” кичирайонунда“Роял” караоке-клубунда жапырт мушташ болгондугу тууралуу кабар 19-ноябрда тараган. «Короче» телеграм-каналы бул тууралуу билдирген.
Муну бөлүшүү