​Кыргызстан футбол командасы Тажикстан менен беттешет

  • 4 года мурун

Эртен, 19-ноябрда, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Тажикстан командасы менен беттешет.

Мурдагы оюндардын жыйынтыгы менен Кыргызстан менен Тажикстан экинчи орунда келе жатат. Биринчи орунда-Япония командасы.

Беттешүү алдында ЖМК пресс-конференциясында Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин мурда кыргыз командасы тажиктерден утулуп калганын, бирок эртеңки таймаштан үмүт чоң экенин айтты:

«Эртеңки оюндун маанилүүлүгүн билебиз. Андан үмүтүбүз чоң» деп билдирди Крестинин.

Ал эми Тажикстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Усмон Тошиев голдун саны боюнча тажиктер Кыргызстандан артта экенин, бирок озуп чыгууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди:

«Жеңип чыгууга мүмкүнчүлүгүбүз бар» деди Тошиев.

Оюндар 2022-жылы боло турган дүйнө чемпионатынын жана 2023-жылдагы Азия кубогуна тандоо турунун алкагында өтүп жатат.

Сүрөт: КР футбол федерациясы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты