Жума ичинде күн сууктайт
- 5 лет мурун
Бүгүн, 11-ноябрда, түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
11-ноябрда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Толуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
12-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
12-ноябрда күндүз жана 13-14-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.
15-ноябрда кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
16-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.