Мамлекетке чыккынчылык боюнча айыпталган Алтынбек Муралиев абак колонияга чыкты

  • 4 года мурун

Мамлекетке чыккынчылык кылуу беренеси менен айыпталган өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Алтынбек Муралиев абак колонияга которулду.

Жаза аткаруу кызматы жазык мыйзамдарынын жеңилдетилиши менен Алтынбек Муралиев абак колонияга которулганын тастыктады. Ага шаардык сот тарабынан 15 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыккан болсо, Жогорку сот тарабынан он жыл эркинен ажыратылат деп белгиленген. Дагы жазасынын өтөй элек 3 жыл эки айы калган. Калган мөөнөтүн ал абак колониясында өтөйт.

Алтынбек Муралиев 2014-жылы 4-ноябрда кызматтык сыр болгон маалыматтарды чет өлкөлүк уюмдарга берип, мамлекетке чыккынчылык кылган деп айыпталып, камакка алынган.

Ал- мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты