Тажик атайын кызматы баткендик жаранды чек ара эрежесин бузду деп кармап кеткен
- 4 года мурун
Депутат Таабалды Тиллаев Тажикстандын атайын кызматы баткендик жаранды чек ара эрежесин бузду деп коё бербей жатканын айтып, ушуга көңүл буруп коюуга чакырды.
24-октябрда Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Таш-Тумшук айылында 1985-жылы туулган Асылбек Каримов аттуу жараныбызды чек арадан мыйзамсыз өттү деген шылтоо менен атайын кызматтар кармап, коё бербей жатканын айтты.
-Элдер илгертен эле чек арасыз жашап келишкен. Биз кошуналарыбыздын эмнеге мындай кылып жатканын түшүнгөнүбүз жок,-деп депутат Тиллаев, ушул маселеге көңүл бурууга чакырды.
Муну бөлүшүү