​Жээнбеков Бакуга учуп кетти

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, эки күндүк иш сапары менен Азербайжанга, Баку шаарына учуп кетти.

Президент түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жыйынына катышат.
Жыйында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу мамилелердин, анын ичинде маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташтыктын өнүгүү маселелери талкууланат.

Делегация курамында: тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, президенттин аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков, экономика министри Санжар Муканбетов, финансы министри Бактыгүл Жеенбаева жана маданият, маалымат, туризм министри Азамат Жаманкулов бар.

Сүрөттө: Баку шаары. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты