16-январда: Көпчүлүк аймактарда жаан жана кар жаайт  

  • 1 месяц мурун

Кыргызгидромет кызатынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 16-январда, Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Мезгилмезгили менен кар жаайт, айрым жерлерде жаанчачын жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.

16-январда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6;

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;

Ысык-Көл облусунда  түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан, кар жаайт. Түнкүсүн жана эртен менен туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн-1°…+1°, күндүз 4…6° жылуу болот.

17-январда өлкөдө мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир аймакта туман түшүшү мүмкүн. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундуна 15-20 метрге жетет.

17-19-январь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…-7° суукка чейин, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, тоо этектеринде түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн-7…-12° суукка чейин, күндүз -4° сууктан…+1° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -23…-28°, күндүз -9…-14°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -9…-14°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30…-35°, күндүз -11…-16° суукка чейин болушу күтүлөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты