​Ден соолук аянтчасы уюштурулат

  • 5 лет мурун

Бишкекте 27-сентябрда кечинде уруксатсыз орнотулган автокинотеатрда эротикалык мазмундагы фильм көрсөтүлгөн.

Ал такта «Сүйүү» паркында мыйзамсыз орнотулган.Автокинотеатр А. Тыныбекова аттуу жаранга унаа токтотуучу жай уюштуруу үчүн ижарага берилген жерге коюлган.

Бишкек шаардык мэриясы ал тактаны электр энергия булагынан ажыратты.

Жерди өз максатында пайдаланбагандыгы үчүн мэрия ижаралоо боюнча келишимди үзүү аракетин көрүп жатканын Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жерди максатсыз колдонгондугу үчүн келишим үзүлгөндөн кийин автокинотеатр алынып, ден соолук паркы-велосипед жолу, скейтпарк, воркаут аянтчасы уюштурулат.

Ал эми мыйзамсыз автокинотеатр уюштургандарга укук коргоо органдары сотко жоруктар беренеси боюнча чара көрүү сунушун киргизүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты