“Нариман Түлеевдин жер мафиясы-2”

Бир ай мурда Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Бишкектин майлуу-сүттүү жерлеринин мыйзамсыз берилиши тууралуу журналисттик иликтөөбүздү жүргүзгөн элек. Биз ал жерде мэр Түлеев өзүнүн токтому менен өзүнүн кол алдында иштеген адамдарга жана өнөктөштөрүнө “жардамга муктаж” адамдар катары бекер жер тилкелерин берип, эки жылдан кийин ал жер тилкелерин өзүнө караштуу адамдарга өткөрүп алганын «Нариман Түлеевдин жер мафиясы» аттуу иликтөөбүздө далилдеп бергенбиз. Бул жерде ошол эле токтом менен кайсы атактуу аткаминерлер жардамга муктаж адам катары бекер жер алганын айтып беребиз.

Жер тилкесин алгандардын бири Эрнест Жапаров –Нариман Түлеевдин “Ак жол” коопсуздандыруу компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү. Андан сырткары Канатбек Дүйшөнов дагы бекер жер тилкесине ээ болгон – ал Нариман Түлеевдин “Дос-Кредо Банкынын” 6,73% акцияларынын ээси.

Сүрөттө: Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасынын расмий каты.

Биздин бул иликтөөбүз жарык көргөндөн кийин Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттап, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча тергөө иштерин баштаганын расмий жарыялады.

Нариман Түлеев болсо бул боюнча комментарий берип, мыйзамсыз берилген жерлерге жоопкерчиликти жер бөлгөн комиссия аларын, анын токтомдогу колу эч нерсе чечпей турганын айтты. Албетте, бул болбогон сөз.

Сүрөттө: Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеевдин жер бөлүү тууралуу токтому.

Биз азыр ошол жер тилкелерин бөлүштургөн комиссиянын курамын жана ошол жер тилкелерин бекер алган 75 адамдын тизмесин көрүп, жумшак айтканда аябай таң калдык. Алардын баары Бишкек шаарында эч кандай турак-жайы, жер тилкеси жок адам катары сыпатталып, мамлекет тарабынан жардам катары жер тилкелери берилип жатканы көрсөтүлгөн. Ар бир жер тилкесинин орто эсептеги баасы 100 миң доллар турат.

Бул адамдар кимдер болду экен деген сурооо жаралбай койбойт. Тизмеге көңүл буруңуздар:

Сүрөттө: Жер бөлүштүрүп берген комиссиянын курамы.

Жер бөлүштүрүүчү комиссиянын мүчөлөрүнүн бири — Сергей Шин. Ал эми жер тилкесин алгандардын катарында анын атасы Роман Шин бар. Биз кеп кылып жаткан Шиндердин үйбүлөсү Кыргызстандагы эң бай адамдардын катарын толуктаары эч кимге жаңылык деле эмес болсо керек. Мына ушул адам жардамга муктаж адам катары жер тилкесин бекер алып отурат. Албетте, комиссияга кирген уулунун жардамы менен.

Сүрөттө: Кыргызстандагы эң бай адамдардын катарына кирген ата-бала Шиндер

Андан ары комиссиянын тизмени карай турган болсок, дагы бир кызыктуу фамилия көзгө урунат. Акназарова Роза Корчубековна.Роза Акназарованын илимий иштерге кошкон салымына бизде эч кандай дооматыбыз жок, бирок бул адам өзү жер бөлүштүргөн комиссияга мүчө болуп алып, өзүнө жер бөлүп берүү чечимин кабыл алып жатат. 2009-жылы Роза Акназарованын турак-жайы жок, жардамга муктаж абалда беле деген суроо жаралбай койбойт. Албетте, бул суроону биз анын өзүнө дагы беребиз.

Сүрөттө: ЖК депутаты Роза Акназарова

Жер алгандардын катарында Кыргыз-орус славян университетинин ректору Нифадьев Владимир Иванович жана ушул эле университеттин Эл аралык мамилелер факультетинин деканы Усманов Салават Фаргатовичти көрүүгө болот.Кыргызстандын башка жүздөгөн профессор-окумуштууларынын ичинен дал ушул фамилиялардын жер тилкесин бекер алып жатканы дагы кызыгууну жаратпай койбойт. Дароо эле мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев дал ушул университетти бүткөнү оюбузга келди. Балким, дал ошол Максимдин кудурети менен анын окутуучулары жер тилкелерин бекер алып жүрбөсүн?

Сүрөттө: Кыргыз-орус славян университетинин жетекчилери Владимир Нифадьеф жана Салават Усманов

Бекер жер тилкесине “муктаж” болгондордун катарында Жогорку Кенештин азыркы чакырылышына “Кыргызстан” фракциясынан депутат, мурунку мамлекеттик бажы инспекциясынын жетекчиси Айдаров Салайдин Абдираевичти дагы жолуктурууга болот.

Сүрөттө: ЖК депутаты Салайдин Айдаров

Ал учурда Жогорку Кеңешке “Акжол” фракциясынан депутат болуп турган Орзубек Назаровду дагы дал ушул тизмеден кезиктирдик.

Сүрөттө: Ошол кездеги ЖК депутаты, спортчу Орзубек Назаров

Албетте, биз бул тизмени дагы тыкыр иликтеп, ал жердеги фамилиялар кантип бекер жер тилкесин алып калганын, алардын жер бөлүштүргөн комиссия менен, же шаар жетекчилиги, же дагы ошол кездеги саясий топтор менен кандай байланышы бардыгын дагы казып көрөбүз.

Бирок ушул биз санаган фактылар эле ал кездеги мэр Нариман Түлеев башында турган жер бөлүштүрүүчү комиссия мыйзамсыз иштегенин ачык-айкын далилдеп турат. Биздин бул иликтөөлөрүбүзгө коррупция менен күрөшкөн тиешелүү органдар жана дагы Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков көңүл буруп, жер тилкелерин мамлекетке кайтарат деген үмүттөбүз.

Дилбар Алимова, ПолитКлиника

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты