​Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы беш долбоорго кол коет

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн делегациясы менен жолукту.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Анын айтымында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери өлкөгө экономиканын ар түрдүү секторлоруна дээрлик 730 миллион АКШ долларын салган.

Долбоорлордун учурдагы портфели 184 миллион еврону түзөт, активдүү портфелдик 71 долбоор бар.

Анын ичинен энергетикалык сектор – 5%, финансы институттары – 24% жана өнөр жай, соода жана агрардык тармак -18%. Ошол эле учурда жеке сектордун үлүшү дээрлик 53%.

Учурда Кыргыз Республикасында экономиканын ар кыл багытында, саламаттык сактоо, шаардык инфраструктура, спорт жана туризм, транспорт, билим берүү, бажы логистикасы жана маданият тармактарында МЖӨнүн 23 долбоору ишке ашыруунун активдүү стадиясында.

23 долбоордун ичинен 3 долбоор жүзөгө ашырылып жатат, 12 долбоор даярдык стадиясында, ал эми 7 долбоор демилгелөө этабында болсо, бир долбоор жеке өнөктөштү тандоо стадиясында.

Директорлор кеңешинин мүчөлөрү ЕРӨБ өтө амбициялуу пландары бар – ушул жыл эле суу менен камсыз кылуу боюнча 28млн еврого, Жалал-Абад, Мырзаке-Куршаб, Кербен, Нарын жана Исфана шаарларындагы долбоорлорду ишке ашырууга 16 млн еврого гранттык каражатты кошкондо бирдиктүү 5 долбоорго кол коюу ниеттери бар экенин айтышты.

Сүрөт: өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты