Жээнбеков соттордун адебине, ыймандуулугуна да көңүл буруу керектигин айтты
- 5 лет мурун
Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-сентябрда, Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин төрайымы Элмира Барыктабасованы кабыл алды.
Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президент судьялык кызматка бош орундарга талапкер кароодо алардын кесипкөйлүгүнө гана эмес, адеп-ахлагына, ыймандуулугуна да көңүл бурууга чакырды.
Белгиленгендей, 2017-жылдын декабрынан баштап, 2019-жылдын сентябрына чейин Президенттин кароосуна киргизилген 171 судьялык кызматка талапкерлердин ичинен 63 талапкер четке кагылган.
Муну бөлүшүү