​Эки кишини мыкаачылык менен сабоого шектүүлөр милицияга өздөрү келишкен

Бишкекте мыкаачылык менен сабоого шектүүлөр милицияга өздөрү келген. Шектүүлөрдүн өздөрү милицияга келгени «Жалбырак ТВнын» Youtube каналына жарыяланган.


Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы баш калаада эки кишини катуу сабады деген шек менен издөөдө жүргөн Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков ыкчам операциянын негизинде кармалганын билдирген .

Учурда алар милициянын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

5-сентябрда Жал кичирайонундагы жапырт мушташта жабыр тарткандардын жакындары нааразылык акциясына чыгып, окуяга күнөөлүүлөрдү тез арада кармап, жазага тартууну талап кылышкан.

Буга чейин эки эркек кишинин катуу сабалганы тартылган видео социалдык тармактарга тарап, катуу талкууга жем таштаган. Тасмада бирөө катуу соккудан эсин жоготконун, ага карабай аларды белгисиз адамдар башына тепкилеп, жанчып жатканын көрүүгө болот.

Окуянын чоо-жайы

Эске салсак, 28-августта болжол менен саат 7:00дөр чамасында Бишкек ШИИБге Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Жерине Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери барган. Мындан сырткары, Чүй ОИИББдин кызматкери Казыбек Бапышев дагы келип, эки шектүүнү алып кеткен. Жабырлануучулар болсо ооруканага жеткирилген.

Адамдарды сабоо фактысы боюнча Бапышев Жаныбек Сеитбекович менен Сеитбеков Калысбек Сеитбекович изделип жаткан болчу.
Ал эми шектүүлөрдүн бир тууганы делген милициянын майору Казыбек Бапышев иштен алынып, бир нече милиция кызматкерине кылмыш иши козголгон. Мындан сырткары, милициянын эки кызматкери иштен алынып, дагы экөө катуу сөгүш алган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты