Президент «Газпром Кыргызстан мектебинин» ачылышына катышты

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-сентябрда, Бишкек шаарындагы «Газпром Кыргызстан мектеп» жалпы билим берүүчү мектебинин ачылышына катышты.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ал бүгүн ачылып жаткан мектеп билим берүү жаатындагы алгачкы биргелешкен кыргыз-россиялык чоң долбоор экенин кошумчалады жана өлкөнүн аймактарында ушул сыяктуу билим берүү мекемелери көбөйө берет деген үмүтүн билдирди.

Президент белгилегендей, бүгүн «Газпром» компаниясынын тобу биздин өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө жемиштүү таасирин тийгизүүдө, өлкө бюджетине 43 млрд сомго жакын же 3,2 млрд доллар АКШ долларын которгон.

Ал «Газпром» компаниясына өлкөнү мунай заттары жана авиаотун менен, ал эми 2014-жылдан тартып жаратылыш газы менен туруктуу, үзгүлтүксүз камсыздап келатканы үчүн ыраазылык билдирди.

Мамлекет башчы 2030-жылга чейин өлкөнүн 60 пайызын, же 400гө жакын калктуу пункттарды газ менен камсыздоо пландалып жатканын канааттануу менен баса белгиледи. Учурда аталган максат үчүн 25 млрд сом салынды.

Президент ошондой эле «Газпром — балдарга» программасынын алкагында Кыргызстандын бардык аймактарында тогуз дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексин курган компаниянын социалдык жоопкерчиликтүүлүгүн баса белгиледи.

Эске салсак, «Газпром Кыргызстан мектеби» жалпы билим берүүчү мектеби «Газпром — балдарга» долбоорунун алкагында курулуп, 960 окуучулук орунга эсептелген.

Мектеп жаңы жабдуулар менен жабдылган жана окуу, административдик, ашканасы бар чарбалык имарат-жайларды, актылар залын, спорттук залды жана бассейндерди камтыйт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты