Президент жаңы парктын атын «Ынтымак» деп коюуну сунуштады
- 5 лет мурун
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-августта, Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы жаңы парктын ачылышында анын атын «Ынтымак» («Дружба») деп атоону сунуштады.
«Бул жерге өлкөнүн бардык булуң-бурчунан биздин мекендештерибиз өздөрүнүн бош убактысын өткөрүү үчүн келишет. Ата-энелер балдары менен эс алышат. Биз үчүн эң башкысы — бул ынтымак, биримдик жана достук. Ошондуктан сейил бакты „Ынтымак“ деп атоону чечтик. Бул борбордун тургундарын жана конокторун, бардык кыргызстандыктарды бириктирген жай болсун» деп белгиледи мамлекет башчы.
Муну бөлүшүү