2-3-сентябрда аба ырайы кескин өзгөрүшү күтүлөт
- 5 лет мурун
Кыргызстанда 2-3-сентябрда аба ырайы кескин төмөндөшү, жаан-чачын, тоолуу райондордо жаан карга айланышы күтүлөт.
Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология кызматы билдирди.
Абанын температурасы 2-3-сентябрда:
Чүй облусунда -түнкүсүн +11…+16, күндүз +19…+24, тоого жакын аймактарда — түнкүсүн +5…+10, күндүз+13..+18;
Талас облусунда — түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22 градус;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында — түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28; тоого жакын аймактарда түнкүсүн +9…+14;, күндүз +19…+24;
Ысык-Көл облусунда жана Нарындын дыйканчылык аймактарында +5…+10, күндүз, +15…+20, тоолуу аймактарда-түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14, бийик тоолуу райондордо -4…-9, күндүз +3…+8 градус болушу күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкун.