23-августтагы аба ырайы
- 5 лет мурун
22-августта күндүз жана 23-24-августтарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаалардын жүрүшүн, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал багууну кыйындатат.
Аба ырайы
23-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30;
Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 15…20, күндүз 27…32;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11,күндүз 18…23;
Нарында түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…+1, күндүз 8 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 28…30° болот.